Нуржан Мелисбек уулу, улакчы: “ӨЗҮМДҮ “ЫНТЫМАКТЫН” КУРАМЫНДА ГАНА КӨРГҮМ КЕЛЕТ”

Көк бөрүгө суусап турган күйөрмандардын чаңкоосу канып, жакында болуп өткөн Президенттин кубогуна арналган беттешти ушул убакка чейин талкуулап жаткан учуру. Турнирдин жеңүүчүсү болгон “Ынтымак” командасынын көзгө басар улакчыларынын бири, “Мыкты оюнчу” наамына татыган Нуржан Мелисбек уулу биздин маек төрдө.

АНКЕТА

Туулган жылы– 1994-жыл, 20-декабрь

Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Бакайыр айылы

Бою – 182 сантиметр

Салмагы – 84 килограмм

Билими – Бишкек автожол колледжин бүтүргөн

Ойногон командасы – “Ынтымак”

Амплуасы – Чабуулчу

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү

– Салам, Нуржан! Жеңишиңер менен куттуктайм. Көп күттүргөн оюнда жеңүүчү болуу өзгөчө сезим тартууласа керек?

– Рахмат. Биринчиден, оюндун болгонуна кубансак, экинчиден, жеңгенибизге кубандык. Айтор, жакшы болду. Жеңишти жалпы команда, бизди колдогон агалар менен биргеликте белгиледик.

– Ийгиликтүү оюн көрсөтүүгө даярдыктын мыктылыгы себеп болдубу же тажрыйбабы?

– Команданын даярдыгы мыкты болду деп айта алам. Тажрыйба дейин десем, “Достук”, “Сары-Өзөн” командаларынын тажрыйбасы деле көп. Ал жакта көп жылдан бери улак чаап жүргөн күчтүү оюнчулар бар. Бизде даярдык көбүрөөк болду, анын үстүнө жакшы аттарды чогултканбыз. Жекеме-жекедеги аттарыбыз да мыкты болуп, анда атаандашка мүмкүнчүлүк берген жокпуз десем болот. Коргоочулар да эң негизги ролду ойноду. Коргонууда жылдагы эле аттар минилди, бирок балдар жакшы ойношту, баары милдетин мыкты аткарды. Ар бир оюнчу өз жоопкерчилигин сезсе эле ушундай мыкты оюн болот.

– Президенттин кубогуна арналган турнир болот-болбойт деген абалда турду. Негизи даярдыкты качан баштадыңар эле?

– Оюн болот деп сентябрда болжолдуу айтылганда эле аттарды минип даярдай башташкан. Өзүбүз даярдыкты октябрда баштаганбыз. Бул жылы минтип жеңишке жетишебиз деп ойлогон эмеспиз. Анткени кийинки жылга тажрыйба топтоо максатында команданын курамы дээрлик жаштардан түзүлгөн.

Президенттин кубогу өлкөдө көк бөрү боюнча эң жогорку деңгээлдеги турнир. Баары эле муну жеңгиси келет. Жакшы ниет менен барганбыз, Кудай бизге жеңишти буюруп коюптур.

– Бул жылы көк бөрү турнири болбой кала жаздады. Мөөнөтү кечиккенде нааразы болдуңарбы?

– Ооба, нааразы болуп жаттык. Тойлор болуп жатат, базарлар ачык, “Дордой”, “Ош базарына” барып калсаң кишинин көбүнөн баса албайсың. Эмнегедир улакка уруксат бербей жатышты. Оюндун өтүп калышына команда жетекчилеринин салымы чоң болду десем болот. Президентке чейин кат жолдошту.

– Мурдагы командалашың Сейитбек Анарбек уулу менен атаандаш болуп оюн талаасына чыктың. Каршылаш келгенде кандай сезимдер болду?

– Сейитбек 2015-жылы “Ынтымакка” келсе, мен 2016-жылы кошулдум. Ошондон тартып эле ортобузда достук мамиле бар, үй-бүлөлүк катыштабыз. Бул эми спорт, спорттогу атаандаштык. Оюн талаасында атаандаш катары кете бересиң, уруп кетесиңби, кулатып кетесиңби, ал оюн талаасы да. Оюндан кийин кадимки эле достук мамиле сакталат.

– “Ынтымакка” кантип келип калдың эле?

– Таласта көк бөрү боюнча райондук шеринелер болуп турат. Оюн жума сайын өтөт. Ошол райондук оюндарда мыкты деп тандалып алынган оюнчулар “Ынтымактын” курамына кошулат. Мен дагы ушул тандоонун арты менен “Ынтымакка” келип калгам. Башынан эле чабуулчу болом дегем. Атаандаштын тай казанына салым салып, өз командаңа упай алып келген кандай жакшы. Команданын курамына кошулгандан тартып мыкты ойноого аракет кылуунун үстүндөмүн. Курамга киргениме быйыл 5 жыл болду.

– Көк бөрүгө кызыгуу эмнеден улам ойгонду?

– Айылда байкелерибиз улак ойношчу. Мен дагы кичинемден эле аларды ээрчип, сабактан качып кеткен күндөрүм болду. Мындай чоң улакчы болом деген деле максат болгон эмес. Өзүм жылкыга жакын болгондуктан улакка кызыгуум күч болду.

– Көк бөрү кооптуу оюн, жаракат алып калам деген коркуу сезим болобу?

– Коркуу сезим болбой койбойт. Жаракат алганда ар кандай ойлор келет. Мурун ойноп жүргөн агаларыбыздын деле азыр колу-буту ооруп жүргөндөрүн көрүп жатабыз. Бирок жаккандыктан андай коркуу, санааркоо сезимдери оюн маалында жок болуп кетет.

– Оюнчулар тай казанга дагы көп урунушат. Тай казансыз көк бөрүгө кандай карайсың?

– Мисалы, айылда тай казаны жок эле жер улак, аламан оюндар болот. Анда деле жаракат алгандар көп болот. Көк бөрү тай казан менен ойнолушу керек. Ансыз оюн анчалык бүйүр кызытпайт, көрүүчүлөргө кызыксыз болуп калат. Көк бөрүнүн өнүгүшү үчүн тай казан чоң мааниге ээ.

– Оюнга минип чыккан атың Каракуш тууралуу айтып берсең.

– Оюнда жакшы жыйынтык көрсөтүү 70 пайыз алдыңдагы атыңдан көз каранды. Өзүң мыкты ойносоң, атың начар болуп турса кайдан улак салмак элең? Каракушту мингениме быйыл эки жыл болду. Муну башында Сейитбек Анарбек уулу минчү. Ал башка ат алдырганда мен муну мине баштагам. Алгач минип оюнга чыкканда эле “Мыкты оюнчу” наамына ээ болгом. Ошондо мага бул ат жагып калган.

– Алдыда башка клубдарда ойноп көрүү пландарың барбы?

– 5 жылдан бери Талас облусунун намысы үчүн улак чаап келе жатам. Албетте, башка командалардан буга чейин сунуштар түшкөн, азыр да түшүп жатат. Бирок башка клубга баруу оюмда жок. Мен ийгиликтерге “Ынтымак” менен жетиштим, өзүмдү ушул команданын курамында гана көргүм келет.

– Улуттук курама командага кайсы жылы кошулдуң?

– 2016-жылы Көчмөндөр оюндарына кадимки көрүүчү катары баргам. Ал жактан улакчылардын машыгууларына күбө болдум. Облус эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли колдоп, сүрөп жатты. Ошондо “буюрса, мен дагы жакшы ойноп, Улуттук курамга кирем” деп максат койгом. 2018-жылы “Нооруз” турниринде “Мыкты оюнчу” наамын алгам. Ошондон кийин 4 чабуулчунун бири болуп улуттук курамга кошулгам. Улуттук курам менен биргеликте Көчмөндөр оюндарында чемпион болдук.

– Үй-бүлөң тууралуу кеп кылсак. Канча бир туугансың?

– Үй-бүлөдө 6 бир тууганмын, үйдүн улуусумун. Атам дагы учурунда улак ойногон, көзү өтүп кетти. Апам үй кожойкеси. 3 карындашым турмушка чыккан. Азыр “Ынтымак” командасында эки күйөө балам (ред.: Кушчубай Илис уулу, Данияр Искендеров) ойнойт.

– Мыкты улакчы Нуржан үй-бүлөдө кандай? Бала багышып, керек учурда келинчегиңе жардамдаша коёсуңбу?

– Уулдуу болгонбуз, 2 ай болуп калды. Баламды жакшы көрүп, ыйлап жатса көтөрүп сооротушам.

– Улак ойноп жан багууга болобу?

– Көпчүлүк командалардын оюнчулары келишимдин негизинде жылына өз деңгээлине жараша 2000-3000 долларга чейин алышат. “Ынтымак” командасында андай нерсе жок. Балдар Талас облусунан болгондуктан баары намыс үчүн чыгышат. Биз “Ынтымактын” атын өчүрбөйлү дейбиз. Улактан тийген байгени гана бөлүшүп алабыз. Агалар каржы жагынан жардам көрсөтүп, команданы колдоп келишет.

– Көк бөрүдөн эң көп канча каражат тапкансың?

– Эң чоң байге – Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 110 миң сомго ээ болгом.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан