Канатбек Сыдыгалиевдин жубайы Айжан: «БРАЗИЛИЯДАН ФУТБОЛ КӨРҮҮНҮ ЭҢСЕЙБИЗ»

Жан шерик

“Бакыт деген эмне?” деп суроо узатканымда, бул түгөйлөр кучагында талпынып турган баласы Жоомартты көрсөтүп, “бул күнгө чейин ансыз кантип жашап келгенибизди билбейбиз” дешти. Кичинекей Жоомарттын атасы кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев жана апасы Айжан биздин “Жан шерик” рубрикабыздын коноктору.

ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨР ЖӨНҮНДӨ

  • Айжан 27 жашта. Кесиби боюнча экономист.
  • Канатбек 32 жашта. Кесиби боюнча экономист.
  • Канат Айжандын “С любовью” деген жазуусу бар кымбат баалуу саатын жоготуп алганына дайыма өкүнөт.
  • Экөө кийимди дүкөнгө барып чогуу тандашат. Кийим тандоодо да бири-биринин ою өтө маанилүү.
  • Экөө тең юморду сүйгөн, бири-бирине тамашалашып гана сүйлөгөн түгөйлөрдөн.

– Маегибизди уулуңуздардын ысымынан баштайлы. Жоомарт деп улуу акындын, чоң таятасынын урматына коюлса керек...
Канатбек: – Ооба, уулумдун ысымы чоң таятасы, белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына коюлган. Төрөт үйүндө уулумду колума алганда алаканы ачык турганын көрүп, “ой-бой, балам берешен, март жигит болот окшойт. Жоомарт деп атабайлыбы?..” деген сөз оозума салып койгондой өзү эле чыгып кетти. Бул Айжанга да жакты, анан туугандардан уруксат алып, таятасындай залкар инсан болсун деген ниетте койдук.
– Билишимче, бала жытын көп күттү­ңүздөр...
Айжан: – Бала деген ушундай таттуу болорун үч жыл мурун билгенде, ошондо эле ашыкпайт белек?! Кана (жолдошун ушундай атайт экен) экөөбүз материалдык жана моралдык жактан даяр болгондо балалуу бололу деп пландаганбыз. Мындай планыбыз үч жылга созулганын өзүбүз да байкабаптырбыз.
– Айжан, Жоомарт түнкүсүн ойгонуп ыйлаганда атасы карайбы?
– Карабагандачы, Кана аябай баласаак. Дабышын укканда ыргып туруп, дароо эле памперсин алмаштырып кирет. Негизи эле “сен аялсың, сен кылышың керек” деп жумуштарды эч качан бөлбөйт.
– Таарыныша кеткенде кимиңер биринчи жарашууга кадам таштайсыңар?
К: – Кээде болбогон нерсеге эле таарынышып кетебиз да, кайра жарашуунун айласын таппай, экөөбүз тең кыйналабыз. Бирок эки саат өтүп-өтпөй байкабай сүйлөп алабыз да, бири-бирибизди карап күлүп, кечирим сурап киребиз.
– Айжан, айтсаңыз, жолдошуңуз убактысын көбүнчө үйдөн өткөрөбү же машыгуу залындабы?
– Уулубуздун төрөлгөнү экөөбүздүн тең жашоо образыбызды өзгөрттү. Азыр ал үйдөн чыккысы келбейт. "Аз да болсо кичинебиз менен ойноп алайын" деп бара турган жерине кечигип барат. Залга барып машыгып турат, бирок көбүрөөк убактысы биз менен өтөт.
– Жашоо өзү даңгыр жолдон турбайт да, бир жеринде сөзсүз чуңкуру бар. Сурайын дегеним, төрт жылдык бирге сүргөн өмүрүңүздөрдө кыйынчылык болсо керек. Аны кантип жеңдиңиздер?
К: – Албетте. Ансыз кантип болсун? Биз “бирге болуш үчүн баарына чыдайбыз” деп сөз бергенбиз. Экөөбүз баш кошкондо мен спорттон кеттим, Айжан жумушсуз калды. Кыйынчылык башка түштү. Анын айынан жакшы-жаман сөздөр кээде ооздон чыгып кетип жатты. “Бири-бирибизге карап, бул убактылуу кыйынчылык. Мунун баары артта калат. Жакшы күндөр дале алдыда” дечүбүз. Анан алдыга план коюп, анын үстүндө иштеп, ал кыйынчылыктарды жеңдик окшойт.
– Айжан, мушкер сизди эмнеси менен арбап алды?
– Экөөбүздү курбу кызым тааныштырган. “Канат дегени бой көтөргөн, өзүн жылдыз сезген бирөө болсо керек” деп элестеткем. Жок, такыр башка адам маңдайымда отурду. Жөнөкөй, мага анын сүрдөп, уялып карай албай көзүн жерге салган сапаты бир көргөндө эле жаккан.
– Анан тез эле тил табышып кетти­ңиздер...
– Таанышканыбыздын эртеси ал үйүнө, Таласка кетти. Ал жактан келгенде мага асыл таштуу жасалганы алып келип: “Муну “Манас-Ордодон” алдым. “Сүйгөнүмө эмне белек берсем болот?” дегенде ушуну көрсөтүштү”,- деп сунду. Мен ичимден “сүйгөнүм дейби?!” деп таң калып, бирок унчуккан жокмун. Өзүнүн сезимин ошентип билдирип жүрдү, бирок мен жооп берген жокмун. Анын тырышчаактыгы, дайыма жаңы нерсени үйрөнүүгө умтулганы, өжөрлүгү, өз күчү менен ийгиликтерге жеткени абдан жакчу. Андан да анын адамдык сапатын өзгөчө бааладым. Канаттын колумду кармоодон да кысынып турганы анын тарбиясынан кабар берер эле. Азыркы жаштарды көрүп кээде таң калам. (Ушул жерден Айжан Канат мырзага кайрылып, “айта берейинби?” деп уруксат алып, анан жаштарга үлгү болсун деген максатта бир кызыкты айтып берди.) Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, жарым жыл дегенде өбүшкөнбүз.
– Ата-энеңиз экөөңөрдүн мамилеңиздерге каршы болгон жок беле?
А: – Болгон. “Экөөң эки башка адамсыңар. Экөөңөрдүн кызыкчылыгыңар эки башка. Сени ал адам баалай алабы?” деген сөздөр менен каршы болушту. Каршы болгондон кийин бул мамилени улантуунун кереги жок экенин Канага айттым. Ошондо ал “сага татыктуу экенимди далилдейм. Эң башкысы, сен мени сүйөсүңбү?” деп маселени кабыргасынан койду. Андан ажырагым келбегенин жүрөгүм айтып турду. Анан “ооба” деп жооп бердим. Ата-энеме “сүйлөшпөй калдым” дегеним менен, экөөбүз жашыруун сүйлөшүп жүрдүк. Үч жыл бою ал айтканын далилдеп бере алды көрүнөт, акыры ата-энемдин макулдугуна ээ болду.
– Шаардык кыз Таласка кандай келин боло алды?
А: – Апаша (кайненесин ушинтип атайт) аябай ак көңүл, боорукер, жакшы адам. Ал мага “сен келинсиң” деп келиндик милдеттерди моюнума салган жок. Анан абысындарым да атаандашкандардан эмес. Мага жардам берүүдөн баш тартышпайт.
К: – Кыйналганын деле байкаган жокмун. Мүмкүн, биз шаарда жашагандыктан болсо керек. Бирок айылга барганда жоолук салынып, чай куюп, кайын журтуна келиндик кызматын өтөй алат.
– Байкашымча, Айжан орус тилинде, Канат, сиз кыргызча сүйлөп отурасыз. Үйдө да ушундайбы?
К: – Аралаш сүйлөйбүз. Айжан кыргызчадан аксайт, бирок мен үйрөтүп келатам (күлүп).
А: – Мектепте окуганда эле кыргыз тили мугалимдери менен дайыма пикир келишпестиктер болчу. “Сен Жоомарт Бөкөнбаевдин небересисиң, баарын билишиң керек” деп үйрөтүүнүн ордуна жемелей эле беришчү. Мындай мамилени бир эмес, бир нече мугалим жасачу. А мен ошонун айынан кыргыз тилин жакшы үйрөнө албай калдым. Ал эми үйдө аралаш сүйлөчүбүз. Мен көбүнчө орусташып калдым окшойт.
– Экөөңүздөр кайсы өлкөдө чогуу эс алдыңыздар эле?
А: – Кананын спорттук мелдеши боюнча Москвага чогуу барганыбыз болбосо, эс алган эмеспиз. Бирок мындай эс алуу али алдыда. Экөөбүз тең футболду сүйөбүз. Келечекте Бразилияга барып, футбол көрүп келүүнү кыялданабыз.
– Айжан, биз билген сүрдүү, аткаминер айым Ишенгүл Болжурованын кызы болуш сизге сыймык болсо керек?
– Албетте, сыймык. Бирок ага сөз тийгизбей, өзүңдү алып жүрүү да оңой эмес. Эл билген сүрдүү Болжурованы мен билбейм. Ал үйдө баласы үчүн баарына даяр, мээримдүү эне, үлгүлүү жубай. Бирок мен эч качан апамдай боло албайм. Анткени ал – ден соолугун ойлобой күнү-түнү иштеп, аны менен бирге үй-бүлөсүн да, карьерасын да алып кеткен айым. А мен анчалык күчтүү эмесмин.
– Ушундай эле таттуу түгөйлөрдөн болуп жүрө бериңиздер.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nuray
2010-10-08 20:56:04
Kanat abdan özgöryptyr...
0
Шаиста Шатманова
2010-10-11 12:34:49
Кечээ НБТдан "Гермесчилердин" араб өлкөлөрүнүн бириндеги мелдешин кайталап көрсөтүштү. Арасында Канат да жүрөт. Карап отуруп ыраазы болосун. Азаматтар, кыргызымдын кыраандары дегин келет!
0
Marmiladka
2010-10-12 11:33:07
Эх-хх, спортчулар, спортчулар...
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан