Майк Тайсон vs Рой Жонс

29-ноябрь. АКШнын Лос-Анжелес шаары. Дүйнөлүк бокстун легендарлуу жылдыздары кайрадан рингде. 15 жылдык тыныгуудан кийин бокско кайткан Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши болмокчу. Беттеш дүйнө коомчулугунун бүйүрүн кызытууда. Ким жеңүүчү аталат? Бул көргөзмө мушташ алардын каржылык абалын чечүү жолубу?

МАЙК ТАЙСОН 15 ЖЫЛДАН КИЙИН КАЙРАДАН РИНГДЕ

Легендарлуу мушкерлердин бир нече жылдан кийин кайрадан бокско кайтып келүүсү көпчүлүктү таң калтырбай койбосо керек. Америкалык профессионал мушкер Майк Тайсон акыркы ирет беттешин 2005-жылы өткөргөн. Карама-каршы бурчта 2 жыл мурун бокс дүйнөсүнөн кеткен Рой Жонс 15 жылдан кийин кайрадан рингге чыгууга камынып жаткан Майк Тайсонго бетме-бет келмекчи. Алардын рингге кайтышына эмне түрткү болду? Көпчүлүк эксперттер беттешти “жөн гана шоу” деп аташууда. Анткен менен мушкерлер бул пикирди четке кагышкан.

Ошондой эле алардын каржылык абалын жакшыртуунун бирден-бир жолу деген божомолдор айтылууда. Тайсондун материалдык абалы оор. Карыздары өсүп жатат. Спорттук карьерасы аяктагандан кийин иши жакшы жүрүшкөн жок. Анын жалгыз фишкасы – бул өзүнө жасаган “аты”. Жонстун учурдагы абалы деле жарытарлык эмес. 2020-жылы бизнестен банкрот болгон. Тайсон менен болгон күрөштүн акысы анын айрым материалдык көйгөйлөрүн чече алат.

“Total Sport” гезитинин маалыматына ылайык, мушкерлер кепилденген киреше боюнча 10 миллион доллар табары белгилүү болду. Ал эми беттешти түз алып көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча да 10 миллион долларды түзүп, жалпы кирешеси 20 миллион доллардын тегерегинде болору айтылган.

ЖОНС УПАЙ, ТАЙСОН НОКАУТ МЕНЕН УТУШУ МҮМКҮН

29-ноябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:00дө бокс сүйүүчүлөрү күткөн эки легенданын беттеши башталат. Беттеш 2 мүнөттөн турган 8 раунддук форматта өтөт.

Бул беттеш Жонстун соккудагы кулачынын узундугу менен айырмаланат (анын кулачынын узундугу 188 сантиметр, атаандашыныкы 180 сантиметр). Рой Жонс 1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиадада күмүш медалды жеңип алган. Андан кийин 4 салмак категориясында чемпион атыккан. Карьерасында 75 оюн өткөрүп, анын 66сында жеңишке жетип, 47син нокаут менен жеңген. Жонстун артыкчылыгы – анын жаш курагы жана расмий боксто карьерасын мындан эки жыл мурун гана аяктагандыгы. Ошол эле учурда Жонс талыкпаган эмгеги менен белгилүү болуп келген. Ал үчүн мелдештен кийинки күнү эртең менен чуркоо кадимки көрүнүш. Анда ашыкча салмак көйгөйү болгон эмес.

Ал эми Майк Тайсон карьерасында жалпы 58 оюн өткөрүп, анын 50сүндө жеңүүчү аталып, 44үн нокаутка сулаткан. Бирок Тайсон азыр эмнеге жөндөмдүү экенин айтуу кыйын. Анткени ал рингдеги карьерасын 2006-жылы расмий түрдө жыйынтыктаган. Учурда ал видеолорду жүктөп, анда өзүнүн жаш курагына карата чындыгында эле таасирдүү ылдам соккуларын көрсөткөн. Ал кайрадан өзүнүн ыкчам соккуларын чыныгы күрөштө далилдей алабы?

КИМ ЖЕҢЕТ?

Эмесе, негизги суроо: аягында калыс кимдин колун көтөрөт? Букмекерлерде Тайсонго көбүрөөк артыкчылык берилип жатат. Анын жеңиши үчүн коэффициент – 1,60. Бул болжол менен 59 пайыз мүмкүнчүлүк. Ал эми Ройдун жеңиши үчүн коэффициент – 2,66, же 34 пайыз. Тең чыгат деп болжоп жаткандар 7 пайыз. Баарынан мурда Тайсондун бул беттешке катуу даярдана баштаганы көпчүлүктү кызыктырып, мыкты таасир калтырды. Жадакалса карьерасын да толук кандуу жаңыртары жөнүндө байма-бай кептер айтылып жатат. Тайсон оор салмакта, ал эми Жонс карьерасындагы мыкты ийгиликке жетишкен жылдарын орто салмакта өткөрдү. Жонс Тайсондун соккуларына туруштук бере алабы? Анткени анын соккуларынын дарамети азыр да болсо күчтүү. Жонстун артыкчылыктарынын бири – ылдамдык жана туруктуулук. Демек, анда рингде атаандашын чарчатып, убакытты создуктуруп жеңүү мүмкүнчүлүгү бар. Беттеш 3-4 раунддан ары созулуп кетсе, Тайсондун чарчаганы Жонстун пайдасына иштеп берери турган иш.

Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан