UFC: ЭЖЕ-СИҢДИ ШЕВЧЕНКОЛОР ЖЕҢИШТИ БАГЫНДЫРДЫ

22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC-255 турнири болуп өттү. Кыргыз мушкери Валентина Шевченко кезектеги чемпиондук титулун 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майяга каршы коргоду.

Беттеш беш бөлүккө созулуп, калыстардын бирдей чечими менен Шевченко жеңүүчү болуп табылды. Муну менен Валентина Шевченко 2018-жылы жеңип алган чемпиондук курун төртүнчү ирет татыктуу деңгээлде коргой алды.

Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски менен кез келди. Беттеште Антонина Шевченко атаандашынан бир топ күчтүү болуп, экинчи бөлүктө атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан