Гүлзада Рыскулова, ырчы: «ЗОМБУЛУКТУН БАРДЫК ТҮРҮНӨ КАРШЫМЫН»

25-ноябрь – Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюунун эл аралык күнү. Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Гендердик зомбулукка каршы глобалдык 16 күндүк кампаниясын баштады. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы «Теңдик нурунун» демилгеси Швейцариянын өкмөтүнүн колдоосу тарабынан ишке ашып жатат.

Аялдарга карата зордук-зомбулукту кантип жойсо болот? Алдын алуунун жолу барбы? Бул суроолордун үстүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова жана өлкөдөгү Кризистик борборлордун ассоциациясынын төрайымы Толкун Тулекова менен маек курдук.

– Гүлзада айым, саламатсызбы? Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө карата сиз менен ушул темада сүйлөшөлү дедик. Айтсаңыз, сиз аял катары зомбулукка туш болдуңуз беле?

– Ооба, туш болгом деп айта алам. Биринчи турмушумда абдан кызганчаак күйөөгө туш болуп калдым. Өтө кызганчаак адам менен жашоо мүмкүн эмес экен. Өзүңдү тирүү адам катары сезбей каласың. Кызганычтын ар кандай себептеринен «балким, чын эле мен күнөөлүү окшойм» деп ойлоп каласың. Ал айткан жалган нерсеге да өзүң ишенип, өзүңдү аял катары жогото баштайсың. Жашоого болгон кызыкчылык дээрлик жок болуп калат. Албетте, мен көпкө чейин ойлонуп, чечим чыгарууга туура келди. 3 жылга жакын чыдадым. Ошондо жабылып, чүнчүп, күзгүгө каранбай калгам. Анткени эл арасында айтылган «бул ажырашып кетиптир» деген сөздөр, көз караштар чүнчүтүп жиберчү.

– Чечимиңизди ким колдоду?

– Сиңдим. Ал башка шаардан келип калып, анын (ред.: биринчи жолдошу) сүйлөгөн сөздөрүн угуп «мындайга чыдап жашаганга мүмкүн эмес» деп чечимимди колдоду.

Ажырашуу аялдар үчүн оор тиет экен, депрессияда жүрдүм. Бир гана ата-энем жардам берди. Алар жаман сөз айтышкан жок. Ошолордун жардамы менен ал учурдан өтүп кеттим. Оор эле күндөр болду. Бирок мен туура чечим кылгам деп ойлойм. Ушул чечимди кабыл алганыма өтө сүйүнөм.

– Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз? Сиздин көз карашыңыз боюнча, кандай жолдор бар?

– Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун аялга, балдарга же күйөөсүнө карата болгон ар кандай түрлөрү бар да. Ошонун ичинен аялга карата жасалган зомбулук көбүрөөктөй сезилет. Мен зомбулуктун бардык түрүнө каршымын. Аялдарга болгон зомбулук – келечекке кыянаттык кылуу. Төркүнү жөнөкөй, алсыз болуп калышы аялдын турмушуна көп запкы алып келет экен. Ошондуктан кыздын төркүнү күчтүү болушу керек. Экинчиден, кыз бала үй-бүлөсүндө жакшы турмуш көрүп чоңоюшу керек. Ата-эне кызынын бактылуу чоңоюшуна, билим алуусуна шарт түзүп бериши зарыл. Анткени алган билими менен ар кандай кырдаалдан чыгып кете алат.

Көпчүлүк учурда ажырашып кеткен айымдар өзүнүн көйгөйү, күйүтү менен жалгыз калышат. Балдарды тарбиялап чоңойтуу, материалдык керектөөсүн камсыз кылуу аялдын моюнуна жүктөлүп калат. Мен мындайды кыргыз коомунан көп эле кезиктирип жүрөм. Көп аялдар балдарын таштап кете алышпайт. Анткени балдары үчүн эне бардык нерсени жасайт. Өз атасы баласына эч кандай жардам бербесе да, аргасыздан түйшүктү толугу менен өз моюнуна артып келе жатышканы кейитет. Аялдардын кадыр-баркын биздин коомдо көтөрүшүбүз керек. Көп өлкөлөргө барып жүрөбүз. Ал жактан аялдар баалуу экенин, ажырашкан күндө да таяна турган материалдык да, моралдык да колдоосу бар экенин сезип турасың.

– Кыздар, аялдар моралдык же физикалык зомбулуктун алдын алуу үчүн эмне кылышы керек? Эмне үчүн басмырлоого чыдап жүрө беришет?

– Баягы эле материалдык жетишпестик. «Каякка барам?» дешет. Ата-энесиникине өзү батса болот. Бирок баласы менен батуу мүмкүн эмес. Балдарына башка бирөө катуу сүйлөп койсо эненин жүрөгү тилинет. Ошон үчүн эмне болсо да «балам өзүнүн атасы менен чоңойсун, кыйналсам мен кыйналайын, үй-бүлөбүз бузулуп, ушунун айынан запкы жебесе экен» деп көпчүлүк учурда үй-бүлөсүн сактап калууга аракет кылышат.

– Кээ бир учурда минтип чыдап жүрө берүүнүн аягы аялдардын өлүмү менен аяктап калып жатпайбы...

– Социалдык тармактарда бир эженин моюнуна күйөөсү дөңгөлөк асып сабап жатканын көрүп «бул эмне деген тири шумдук?» деп капа болдум. Мындан да жаман запкы көрүп жаткан аялдар да бар болушу керек. Бирок бул видео кенен жайылып кетпедиби. Ошол эже кайра жолдошун кечирип жашап алды. Мен муну дагы эле «кантип?» деп түшүнбөй келем.

– Зомбулук эмнеден улам келип чыгып жатат деп ойлойсуз?

– Муну комплекстүү түрдө карашыбыз керек. Көп факторлор бар. Эң биринчи жумушсуздук деп ойлойм. Эгер жумуш менен алаксып, үй-бүлөсүндө жетишкендик болуп турса жолдошунун деле нерви чыңалбай калабы деген ой келип жатат. Ошондуктан аялдарды эле караш керек деген бир беткей болуп калат деп ойлойм. Ар тараптуу камкордук керек.

Аялдар балдарды төрөп чоң стресс алат, депрессия болушат. Балдарды чоңойтуш керек. Ага да нерв керек. Буга жолдошу жардам бериши керек. Анткени аял ансыз деле ден соолугун жоготот. Баланы көтөрүп, төрөш керек дегендей. Ошондуктан 4 баланын энеси катары айткым келет. Биринчиден, балдарды жакшы тарбиялаш үчүн аялдардын ден соолугу жакшы болушу керек. Анткени ден соолугу начар же психикалык жактан жабыркаган, сүйүүгө, камкордукка бөлөнбөгөн эне баласына жакшы тарбия, жетиштүү мээрим бере албай калышы мүмкүн. Ошондуктан эң биринчи кезекте жолдошу аялын камкордукка алышы зарыл.

– Аялдардын укугу корголбой жатышына, балким, парламенттеги аялдардын аздыгы себеп болуп жаткандыр?

– Балким. Анткени кыргыз тарыхында деле саясий кырдаалдарда Курманжан датка энебиз сыяктуу таасирдүү айымдар болгон да. Эне камкор болот, көйгөйдү өзөгүнөн, ичтен билип турат. Көп маселелер эненин жүрөгү менен чечилмек.

Үй-бүлөдө кыз баланы үйдүн куту, конок катары көрүп, төркүнүнө барганда кадырлачу. Кечээ конокко барып калсам «төргө өт» дешти. «Кыргыздар кыз баланы төргө отургузушкан. Сен төркүнүңө келип жатасың. Төрдө отурушуң керек. Кызды төргө өткөргөндү үйрөнүшүбүз зарыл» деп улуу кишилер сый-урмат көрсөтүштү. Бизге ушундай мамиле жетишпей жатабы? Же болбосо биздин кыздардын өзүнө болгон баасын көтөрүшүбүз керек. Адамдын өзүнө болгон баасы түшүп калганда «мага ушундай эле мамиле болот. Ушуга эле татыктуумун. Ушундай кордук боло берет, турмуш ушундай турбайбы» деп өзүн арзан баалап калгандан да ушундай көйгөйлөр орун алып жаткандыр. Өзүн-өзү сыйлаган аялга эч ким туура эмес мамиле кыла албайт. «Бул өзүнүн баасын билет, жаман мамилеге чыдабайт» деп эсептешишет.

– Көпчүлүк аялдар зомбулук көрүп жатканын ачыктагандан коркушат. Коомчулуктун мамилесинен чочулашат...

– Намыстанат, жакындарын сарсанаага салгысы келбейт. Чын-чынына келгенде жакындары деле жардам бере албайт. Аялдын бактылуу жашашына биринчи кезекте ошол үй-бүлөгө жоопкер болгон жолдошу «бул менин жарым, балдарымдын энеси» деп жакшы мамиле кылышы зарыл. Эгер турмушу такыр болбой жатса жашырып жүрүү мүмкүн эмес. Азыр ажырашуу көп болуп жаткандыктан эч ким эч кимди сындабайт деле.

– Сексуалдык кысымга дуушар болгон кыздар да бар...

– Андай учур менде да болгон. Мен анда жаш экенмин. Арызданышты деле билбептирмин. Жөн эле жумуштан кетип калгам. Турмушка чыга элек болгонумдан «эмнеге ушундай мамиле кылып жатат? Жакшы мамилеге татыктуу эмесминби?» деп ойлонуп, чүнчүгөн элем...

– Атаңыз сизге кыз киши өзүнүн укугун кантип коргош керектигин үйрөтө алдыбы?

– Атамдын кайтыш болгонуна 1 жылдан ашты. Ал аябай жакшы киши эле. Бир да кызынын каалоосуна каршылык көрсөткөн жок. Каалаган окуубузда окудук. Өзүбүз каалап турмушка чыктык дегендей. Атамдын колдоосу азыркы күнгө чейин эсимде. Биринчи турмушумдан ажырашып келген кезим болчу. Кеткен келинди ким жакшы деп айтмак эле? Ошондо үйдө атамдын көзүнчө абдан жаман сөздөр айтылган. Мага бул сөздөр оор тийип, 1 жума ооруп калгам. Башым аябай катуу ооруп, боюмду көтөрө албай жатып калгам. Ыйлап жатсам атам келип «кызым, алар айта беришет. Мен сага ишенем. Ыйлаба, баары жакшы болот» деген колдоосу күч-кубат берген эле. Бул сөздөн кийин өзүмдү жеп кыйналбай калдым. Атамдын сөзү кубат болуп, тагдырым талкаланган жок.

– Уулдарыңызга кыз балага кандай мамиле кылышты үйрөтөсүзбү?

– Балдарыма «мен кызмын, силер 5 эркексиңер, мени аягыла» десем балдарым «апа, сиз кызсыз. Сиздин күчүңүз жок, сиз коркосуз» деп калышат (күлүп) . «Ооба, менин күчүм жок, силер жардам бергиле. Кыздарды урушпаш керек, кыздарды ыйлатпаш керек» деп турам. Аларга атасы «апаң үйгө келгенде сумкасын ала кал» деп үйрөтөт. Жолдошум мага оор көтөрттүрбөйт. Балдарды да ошого үйрөтүп койгон. Алар келерим менен чуркап келип колумдан сумканы ала калышат. Балдарыма үй иштерине жардам бергенди жолдошум да, мен дагы үйрөтүп турабыз.

Жолдошумду мактагандай болбоюн, бирок ал күйөө, ата катары балдарды чоңойтконго жакшы жардам берди. Ооруп, кыйналып, чарчап калсам дайыма камкордугун көрсөтөт. Эгер ал мындай мамиле кылбаса удаасынан балдарды төрөй албасам керек. Ошондуктан аялдарга «көп бала төрө» дей бербей, жубайга жардам бериш керек. Жумушка барып, кайра үйгө келип үй иштерине жетишүү мүмкүн эмес.

– Коомдо, үйдө укугуңузду кантип коргойсуз?

– Туура эмес болуп жатса «мага мындай нерсе болбойт» деп дароо айтам. Жакпай жаткан нерсени жашырбаш керек. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат. Ошондуктан түшүнбөстүк болуп «мындай мамиле жакпайт, бул жаккан жок» деп сүйлөшүп, маселени чечишип алыш керек.

– Маек соңунда сизге эркин микрофон.

– Илгертен аял – үйдүн куту, өзөк деп айтылып келет. Аял бузулса – аалам бузулат дешет. Аялдар камкор мамилеге муктаж, аларды сыйлайлы. Кыздарды үйдө ханбийкедей көрүп, баркын билип, жакшы сөздөрдү айтып, саамайынан сылап чоңойтолу. Жакшы мамиле көрүп чоңойгон кыздын боюна ошол мамиле сиңет. Жанына жакшы мамиле кылган жан шерик тандайт.

Асылзат айымдар, ден соолукта болуңуздар!

– Сиз дагы бар болуңуз! Маегиңизге рахмат!


Толкун Тулекова, Кризистик борборлордун ассоциациясынын төрайымы: «ЗОМБУЛУККА ЧЫДАГАН АЯЛДАР МАЙЫП БОЛУП КАЛЫШАТ»

– Толкун айым, саламатсызбы? Аялдарга болгон зомбулуктун алдын алуу үчүн кандай сунуштарды айта аласыз?

– Аялдарга карата зомбулукту түп тамыран жоюу абдан кыйын экенин түшүнүп турабыз. Айрыкча патриархалдык коомдо. Массалык маалымдоо каражаттарынан, бизге кайрылган аялдардан эркектер аялдарга ырайымсыз зомбулук көрсөтүп жатканына күбө болуп жатабыз.

Мисалы, Кочкордо күйөөсү аялын сабап өлтүргөн окуяда биздин кризистик борборлордун ассоциациясы окуу борборлорунун адвокаттары менен биргеликте иш алып барды. Жыйынтыгында кылмышка шектүү жазасын алып, камалды. Бул үй-бүлөдөгү 4 бала апасынан ажырап, атасы түрмөгө түшүп, жетим калышты. Каза болгон аялдын улгайган ата-энеси балдарды багып алууга аргасыз болушту. Таятасы 72де болсо, таенеси 67 жашта. Эң кичүү баласы 2-класста окуса, улуусу бул жылы мектепти бүтүрдү. Зордук-зомбулуктун экономикага тийгизген таасири тууралуу да ойлонушубуз керек. Мамлекет эми ал балдарга 18 жашка чыкканга чейин пособие төлөшү керек. Мунун ордуна мамлекет зордук-зомбулукту алдын алганы жакшыраак да. Дүйнөлүк, эл аралык практикада аялдарга карата зомбулукту кыскартуу боюнча бир нече факторлор бар.

– Натыйжалуу мамлекеттик мыйзамдарды кабыл алуу;

– Жабыр тарткан аялдардын укугун коргоо;

– Зомбулукка каршы күрөшүүнү мамлекеттик деңгээлде пропагандалоо ж.б.

Үй-бүлөлүк зомбулук кичинекей балдардын психикасына доо кетирерин психологдор айтып келишет. Мисалы, үй-бүлөдө атасы апасына кол көтөргөнүн көргөн кыз турмушка чыкканда ошондой мамиле курушат. Апасындай зомбулукка чыдап, эч кимге айтпай, уялып, өмүр бою жашай беришет. Ушундай мамилени көрүп чоңойгон эркек бала ошол учурда атасын жек көрөт. Бирок чоңойгондо ошондой эле мамилени өзүнүн үй-бүлөсүндө колдонот. Мындай бала конфликттен кантип чыгуунун жолун билбейт, анткени үйрөтүлгөн эмес. Аялдарды барктаганды, сыйлаганды үй-бүлөсүнөн көргөн эмес. Мына ушинтип атадан балага өтүп зомбулук улана берет. Бизге кайрылган аялдардан «жолдошуңуздун үй-бүлөсүндө зомбулук болгон беле?» деп сураганда көбү «ооба» дешет. Анткени кайнатасы кайненесин сабайт. Мындай үй-бүлөгө зомбулук норма болуп калган.

– Зомбулуктан жапа чеккен аял каякка кайрылышы зарыл?

– Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял милицияга, кризистик борборлорго, социалдык өнүктүрүү фондуна, айыл өкмөтүнө кайрылышы керек. Зомбулукка чыдап жүрө бербеш керек. Чыдап жүрө берген аял ден соолугунан ажырап, майып да болуп калышы мүмкүн. Психикалык же физикалык зомбулук көргөн аял ар кайсы жери ооруган оорукчан болуп калат. Алар мунун баары үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экенин түшүнбөй да калышат.

– Өлкөдө канча кризистик борборлор бар жана, сиздин оюңузча, алардын саны канча болушу керек?

– Өлкөдө бүгүнкү күндө 17 кризистик борборлор бар. 14 борбор биздин ассоциацияга кирет. Борборлор региондордо да иштейт. Бул сан аз болушу мүмкүн. Мен адистештирилген мамлекеттик кризистик борборлор ачылышы керек деп айткандан тажабайм. Азыр да айта кетейин.

Кризистик борборлорго жыл сайын орто эсеп менен 7000ге чукул аял кайрылат. Бул ишеним телефонуна чалышкан, келип консультация алгандардын саны. Кризистик борбор аялдар үчүн ишенимдүү. Анткени баары анонимдүү болот. Бул зомбулукту азайтуу жолдорунун бири. Бул натыйжалуу жардам. Бирок бир гана кризистик борбордун жардамы жетишсиз. Мамлекеттик органдар менен биргеликте комплекстүү жардам берилиши керек. Ошону түзөлү деп жатабыз. Комплекстүү жардам деген эмне? Мисалы, үйүнөн качып чыккан аялды кайсы бир убакытка чейин коопсуз жай менен камсыз кылуу, зомбулук көрсөткөн адамды жазага тартыш үчүн укук коргоо органдары натыйжалуу иш алып барып, сотто жабырлануучунун укугун коргоп берүү дегенди билдирет.

– Маегиңизге рахмат!



Материал зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында даярдалды

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
"Кыз бактылуу болушу үчүн үй-бүлөдө жетиштүү сүйүү берилиши керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
erik3
2020-11-30 10:41:46
Аял кишини кир жууп, тамак жасап, үйдүн түйшүгүн жүктөө үчүн сүйбөш керек
+1
aybek88
2020-11-30 10:58:17
erik3,феминист лгбт сынго)))
0
Aimani
2020-11-30 22:31:10
Бизде мыйзамды ошентип жазып коюшкан. Азыр күйөөсү зомбулук көрсөткөн аял милиция чакырса келип сүйлөшүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коюп эле кетишет экен. Жок дегенде 15кун же бир айга камап коомдук иштерге салса бир аз жыйынтык болор беле.
+1
meni_kut
2020-12-04 10:08:22
Ислам дининде аял киши ото сыйлуу, болгону илими жоктор бир кумалак болуп жатат.Чубак ажы айтканын уккам ,аял киши кайын журтка кызмат кылууга милдеттуу эмес,а инсанияттан, кызынарды врачтыкка окуткула,аял гинеколог врачтар кобойсун деп..Ислам дининде куйоосу сабап кордосо аял ажырашам деп чыкканга укуктуу ,денсоолук Аллахтан бизге аманат дегенин уккам ажынын
0
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан