10-ЯНВАРДА ЭЛ ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАП, ӨЛКӨНҮ БАШКАРУУ ФОРМАСЫН ДА ТАНДАЙБЫ?

2021-жылдын 10-январында Кыргыз эли жаңы президентти, ага кошо өлкөнү башкаруу формасын тандашы мүмкүн. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 24-ноябрда президенттик шайлоодо өлкөнүн башкаруу системин да аныктоону элдин тандоосуна коюуну, конституциялык реформаны шашпай жасоону сунуштады. "Өлкөдө парламенттик башкаруу болсунбу же президенттикпи? Эл чечиши керек". Бул сунушту Жапаров парламентке жана Конституциялык кеңештин мүчөлөрүнө айтты.

– Жогорку Кеңеште башкаруу формасы тууралуу референдум жөнүндө мыйзам долбоору бар. Мен депутаттарды ошол маселени 10-январдагы шайлоодо референдумга алып чыгууга чакырат элем,- деген Жапаров өлкөдө парламентти партиялык тизме боюнча же аралаш тизме боюнча түзүү маселесин да жалпы элдик добуш берүүгө коюуну сунуштады. Ошондой эле Конституциялык кеңешмени жаңы Баш мыйзамдын долбоорун элдин пикирин уккандан кийин талкуулоого чакырды.

Белгилүү болгондой, учурдагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн өткөн аптада коомдук талкууга коюлган жаңы документ коомчулукта кызуу талаш жаратты. Садыр Жапаров бул долбоор 2010-жылдан бери талкууланып келе жатканын, долбоорго өзү 2 гана сунуш киргизгенин айтат. Бул арада спикер, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзүлүп, иштеп жатат. Көпчүлүктү талкууга коюлган жаңы долбоордогу “президенттин күчөтүлгөн ыйгарым укуктары” чочулатууда. Жаңы президент, жаңы парламент шайланмайынча Конституцияны өзгөртүүгө болбойт деген сын-пикирлер айтылууда. Талант Мамытов жаңы Баш мыйзам ачык талкуулардын негизинде, коомчулукта айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынат дейт.

22-ноябрда Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы акция өттү. Чогулган 500дөй жаран жөө жүрүш жасап, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүдөн баш тартуу талаптарын айтышты. Эгер президенттик шайлоо менен бирге өлкөнү башкаруу формасын тандоо маселеси референдумга коюла турган болсо, анда учурда иштеп жаткан Конституциялык кеңешме ишин токтотушу керек дешүүдө айрым саясатчылар.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан