Жакында түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жыйындарында түрдүү пикирлер, сунуштар айтылууда. Алардын бири тууралуу айтсак, аталган кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Кадыр Кошалиев өлкөнүн атын “Кыргыз Эл Республикасы” деп өзгөртүүнү сунуштады.
“Эгер Курултай деген систем киргизилсе, бийлик элдики болгондуктан өлкөнүн аталышында да биринчи сөз эл деп башталышы керек. Элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти байланыштырганга идеалдуу мамлекеттик түзүлүш жок. Мамлекеттик бийлик менен элдик бийликти бири-бири менен кынаштырып, орду менен алып келген түйүн — Элдик курултай. Ошондуктан өлкөнүн атын өзгөртүп, Кыргыз Эл Республикасы деген аталышты сунуштайбыз. Себеби элдик бийлик кирип жаткандан кийин аталышында да эл деген сөз биринчи турушу керек, Кытай Эл Республикасы дегендей эле”,- деди Кошалиев.
Бул сунуш Конституциялык кеңешменин 23-ноябрдагы жыйынында айтылды.
Өлкөнүн аталышын, мамлекеттик туунун түсүн, республиканын гимнинин текстин оңдоо өңдүү сунуштар өлкөдө бийлик алмашкан сайын айтылат. Мисалы, туунун кызыл түсүн канга салыштырып, аны көк түскө алмаштырууну сунуштагандар болгон. Ушундай эле сындардан, тексттеги “бейкуттук”, “даяр дилин берүүгө” деген сөздөрдөн улам гимндин экинчи куплети расмий түрдө колдонуудан алынган. Коомчулукта болсо мамлекеттин өнүкпөй жатышынын себебин мамлекеттик атрибуттардан көргөндөр арбын.
Жумабай Акимов