ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВГЕ МАНДАТЫН КАЙТАРЫП БЕРГЕН БШКнын ЧЕЧИМИН СОТ ЖОККО ЧЫГАРДЫ

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берген Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун Бишкектин административдик соту жокко чыгарды. Мындай чечим жарандык активисттердин биринин Текебаевге мандат мыйзамсыз кайтарылды” деп жазган арызынан улам кабыл алынды.

Соттун маалыматына таянсак, БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык укукту кайтарып берүүдө “мандат тизмедеги кийинки талапкерге берилет” деген норманы бузган. “Анткени ага тийген мандат тизмедеги өзүнө чейинки талапкердики эмес болчу” деп айтылат маалыматта.

“Ата мекенчилер” сот чечимин Текебаевдин саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат. Тагыраагы, мындай чечим “Ата Мекендин” лидерине басым жасоо аракети дешет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидери Текебаевге берүүнү БШКдан өтүнүп, арыз жазган. БШК аталган өтүнүчтү канааттандырып, партия лидерине депутаттык мандатын кайтарып берген. Өмүрбек Текебаевдин Атамбаевдин тушунда башталган соттук иши аягына чыга элек.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан