ПРЕЗИДЕНТТИН ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕГИ ӨКҮЛҮ КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМК тарабынан кармалды. Чиновник “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка таянсак, Дыйканбаев быйыл октябрда өткөн парламенттик шайлоо кампаниясы учурунда мамлекеттик ишкананын жетекчисинен 7 миллион сом талап кылган. Ал кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык делген мамлекеттик ишкананын жетекчисин кызматтан алам деп коркуткандыгы айтылат маалыматта.

Ошондой эле опузалоо менен алынган 7 миллион сом каражат шайлоо учурунда добуш сатып алууга жумшалган деп билдирет Коопсуздук комитети.

Курманбек Дыйканбаевге карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Курманбек Дыйканбаев Сооронбай Жээнбековдун тушунда, 2018-жылдын 14-февралында президенттин парламенттеги өкүлү болуп дайындалган.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан