АДАХАН МАДУМАРОВ ШАЙЛОО АЛДЫНДА КАЙРАДАН ТОСКООЛДУККА КАБЫЛАБЫ?

Башкы прокуратура президенттикке талапкер, саясатчы Адахан Мадумаровдун Москвада мигранттар менен болгон жолугушуусунан алынган видео материалдарды Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Тагыраагы, аталган жолугушууда үгүт иштеринин элементтери болгону белгиленет. Мадумаров Москвадагы мигранттар менен 7-ноябрда жолукканы белгилүү. Жолугушуунун видеосу интернеттеги социалдык тармактарга тараган.

25-ноябрда Мадумаров ушул окуя боюнча билдирүү жасап, бул аракетти өзүн шайлоо жарышынан четтетүү аракети катары баалады. "Өлкөнүн президенти ким болорун БШК эмес, аны эл чечиши керек деп эсептейм. Башкы прокуратура жашыруун ызы-чуудан баш тартып, чынчылдык менен иштөөсүн сунуштайм”,- деди Мадумаров.

БШК аталган жагдай боюнча комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону 14-декабрга чейин улантат. Адахан Мадумаров көрүнүктүү талапкерлердин бири. Ал жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы быйыл октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдында аз жерден жарыштан четтетилип кала жаздаган.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан