ЫРЧЫ КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВДИН ЖУБАЙЫНА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жубайы Эльвира Бегалиеваны унаа сүзүп кетип, ал ооруканага түштү. Бул тууралуу ырчынын жубайы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. "Эртеби, кечпи, бул окуя тууралуу билинмек. Алгач өзүм кабарлоону чечтим. Мени унаа сүзүп кетти. Эки тарап тең күнөөлүүбүз. Айдоочу экинчи тилкеден, мен болсо уруксат берилбеген жерден өткөм. Кудай сактады. Учурда ооруканадамын, мага операция жасалат. Бет сөөгүм талкаланыптыр, кырсык күтүлбөгөн жерден келет турбайбы",- деп жазылган билдирүүдө.

Ал эми Кайрат мырза кырсык тууралуу буларды билдирди:

– Кырсык 20-ноябрда саат 11:30 чамасында Абдрахманов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен бир аз өйдөрөөк жакта болгон. Жубайым өзү айткандай, эки тарап тең жолго туура эмес чыгып алышкан. Жубайымдын сол бетиндеги сөөгү сыныптыр, ага эки жолу операция жасалат экен. Биринчиси шейшемби күнү болду. Экинчи операция 7-8 айдан кийин болот. Айдоочуга карата дообуз жок, ал дагы жардам берип жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан