Эстрада жылдызы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекова менен бирге шопингге чыккан сүрөтүн жарыялап, сүрөттүн астына “келинчегимдин кыялдарын орундатып келдим. Кудайдын буйругу менен акырындап жакшы болуп келе жатабыз” деп жазды. Бул жаңылыкты, жубайлардын ээрчишип жүргөнүн, Асел Кадырбекованын ден соолугу жакшырып келе жатканын күйөрмандары кубануу менен кабыл алышты. Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылгандан бери коомчулуктун назарынан алыс жүргөн. Ал жакында эле кырсыктан кийин алгачкы жолу жүзүн көрсөтүп кыска видео тартып баракчасына жүктөгөн.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 26-июнунда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасын башкарып бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган. Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Кийинчерээк ырчынын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечирип, тосмо арыз жазып беришкени маалымдалган.