Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун “Жөө күлүк” тасмасы "Оскар" киносыйлыгы үчүн ат салышат. Тасма "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышмакчы. Бул тууралуу Кыргыз кинематографисттер департаментинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Оскар комитетинин 19-ноябрдагы чечими менен "Жөө күлүк" тасмасы аталган сыйлык үчүн ат салышууга көрсөтүлдү. 93-жолу өтө турган "Оскар" сыйлыгынын ээлерин аныктоо, сыйлоо аземи 2021-жылдын 25-апрелинде АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт. Мирлан Абдыкалыковдун аталган тасмасы буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалга катышкан. Тасма Пусан эл аралык кинофестивалында баш байгеге ээ болгон.