ГИМНДИН АВТОРЛОРУНУН БИРИ ШАБДАНБЕК КУЛУЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

24-ноябрда 78 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Акындын «Куланчы мерген», «Кылымдар жаңырыгы», «Сезим кайрыктары» жана башка ыр жыйнактары, «Мидин минткен экен» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Эл-жер баяны», «Өмүр издери» публицистикалык жыйнактары жарык көрүп, окурмандарын тапкан.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты акындын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан