ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 30-НОЯБРДАН 6-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Апта романтикалык таанышуу­ларга же дарыланууга шарт түзөт. Бир ишке киришерден мурда анын бардык кемчиликтерин талдап чыгыңыз. Болбосо иш ара жолдо калат. Документ иштери бүтүрүүнү талап кылат. Сүйүүдө ката кетирүү депрессияга кабылтышы мүмкүн. Башка жумуш караштырууну пландабай туруңуз, көпкө жумушсуз жүрүп каласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Вирустук ооруларга туруштук берүү үчүн рационго жашылча-жемиштерди көп пайдаланыңыз. Материалдык абалыңыз калыптана баштайт. Тапкан акчаңыз берекелүү болот. Жакындарыңызга жагымдуу мүнөттөрдү тартуулайсыз, бул үйдө гармониянын орношун камсыздайт. Жумушта ийгилик болушу үчүн команда менен иштөө зарыл.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эл менен баарлашууда алар жалган маалымат берген жокпу, баам салууңуз кажет. Жетекчилик менен талашууга жетпеңиз, баары бир сиздин оюңузду туура эмес кабыл алат. Күтүлбөгөн окуядан улам жашоонун маңызы жоголгондой туюлат. Чыдап койсоңуз кара булуттар бат эле тарайт. Жаңы энергия алуу үчүн ойлоруңузду тазалаңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Эмоциялар акылдын үстүнөн үстөмдүк жүргүзүүсүнө жол бербөө керек. Болбосо чыр-чатактар күтүлөт. Сизди кыйнап келген суроолорго жооптор табылып, жан дүйнөңүз тынчыйт. Чакан болсо да бир ийгиликти үйдөгүлөр менен белгилейсиз. Жакын досуңуздун жардамына таянсаңыз, каржылык абалыңызды жөнгө салып кетесиз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Кандай гана иш болбосун, ага киришүүдөн мурда жыйынтык кандай болорун таразалап алуу керек. Тааныштар сунуштаган иш- чарага катышпаган оң, ойдогудай болбойт, убактыңыз кетет. Туугандар сизди туура эмес түшүнүп кысымга алса, унчукпай калбай жообун бериңиз. Бул сизге өз алдынча эркин чечимдерди кабыл алууга шык бермекчи.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жаңыланууну самап чыга келесиз. Мүмкүн үйдөгү керексиз нерселерден арылып, жаңы нерселерге орун бошото баштайсыз. Балдардын маселеси алдыга чыгат. Туугандар менен акылдашып чеччү иш чыгат. Теңтуштардын чакыруусу менен конокко барып келүүңүз мүмкүн. Кийим-кече, кышкы гардеробдун кем-карчын толуктоо түйшөлтөт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жаңы пландар сизден активдүүлүктү талап кылат. Күчүңүздү, убактыңызды бардык ишке жеткидей кылып туура бөлүштүрүңүз. Кокустан пайда болгон окуя коомдогу, жамааттагы ордуңузду бекемдейт. Үйдөн чыккан чырда калыстын ролун аркалаңыз. Базарга барганда буюмдарды бир жерге унутуп калуудан, акча саноо иштеринде сак болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кара күч, спорт менен алектенүүгө ылайык апта. Окуялардын айлампасында каласыз. Чыгармачылык өсөт, ар кандай буюртмалар менен иштейсиз. Соода жаатында ийгиликтер күтүлөт. Аласа-береселерди такташчу күн жакын, андыктан даяр туруңуз. Кышкы камылгалардын кем-карчын толтурууга болгон аракетиңиз ийгиликтүү ишке ашат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бирөөнүн жеке жашоосуна аралашуудан баш тартуу керек. Болбосо бармак тиштеп каласыз. Бир кезде сиздин жакшылыкты баалабаган адам кайрадан чөйрөңүздө пайда болот, андан алыс болуу кажет. Жумушуңузда жакшы идеяларыңызды пайдаланыңыз, жакшы бааланат. Сыркоолоп турсаңыз жумушка чыкпай үйдө калуу сунушталат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Илим, искусство, иликтөө жаатында ийгиликтер жаралчу апта. Эл көп чогулган жерге барууга туура келиши мүмкүн. Аралыкты сактоо, тиешелүү тартиптерди аткаруу сунушталат. Үйүңүзгө күтүлбөгөн жерден жакыныңыз келет. Белекке ээ болосуз. Кыймылсыз мүлк жаатындагы маселе жаралуусу күтүлөт. Үшүп, сыркоолоп калуудан сактаныңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Ортого түшүп бирөөнүн ишин бүтүрүп берүүдөн качуу керек. Сиздин эмгек бааланбайт. Тиричилик маселелерин чечүү жаатында досуңуздун көмөгүнө таяныңыз. Акчаны коротпой бек сактай туруңуз, жакында көп акча керектелчү бир маселе чыгат. Рулда жүргөндөр жолго чыгардан мурда унаасын текшертип албаса, жолдо калуу коркунучу бар.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Карьерадан мурун үйдөгүлөрдүн ден соолугуна кам көрчү апта. Түгөйүнүн баскан-турганынан кыйкым издөө ортодогу мамилени туңгуюкка алып келерин эске алуу зарыл. Бирөөгө кубаныч тартуулоо үчүн белек издейсиз. Жаңы жылдык иш-чараларга даярдануу көтөрүңкү маанайда жүрөт. Апта маанай көтөрчү жаңылык менен аяктайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан