Айыма Бекболиева, ырчы: «МҮНӨЗҮМ АТАМДЫ ТАРТКАН»

Айыма Бекболиева болгону 13 жашта. Учурда «Заблокируй» деген ыры менен таанымал болуп, айрыкча өспүрүмдөрдүн арасында жылдыз болуп жаткан кези. Айыманын жылмайганы, жасалмасыз сүйлөгөнү, токтоолугу жакты. Ишенем, сизге да жагат бул кыз. Анда апта каарманы өзүн тааныштырсын.

– Айыма, салам! Алгач окурмандарга өзүңдү тааныштырып кетсең.

– Саламатсызбы? Атым Айыма. 1-класстан 5-класска чейин түрк лицейинде окудум. Кийин жеке мектепке которулдум, азыр 7-класста окуйм. Ырдаганды, бийлегенди аябай жакшы көрөм. «Алга» тобунда үч жылдан бери солист болуп ырдап жүрөм.

– «Заблокируй» деген ырың тууралуу айтып берсең. Ким жазып берди, клип кандай тартылды? Өзүңө кызыктуу болдубу?

– Бул ырдын сөзүн, обонун ырчы Илима Дүйшеналиева жазган. Өзүм ырдайм деп жаздырган экен, бирок мага белекке берди. Мага да жагып ырдап чыктым. Клипти Баяман Осмонов тартты, сюжетин продюсерим, апам Анжелика Кайратовна менен биргеликте иштеп чыгышты. Клипте азыркы өспүрүмдөрдө актуалдуу болуп жаткан телефон аркылуу таанышуу, алгачкы сезимдер сүрөттөлөт. Моделдик агенттикте иштеген балдар тартылды, алар бийлегенди билишпейт экен, биз үйрөтүп жаттык. Мага кызыктуу болду.

– Ырчы болгуң келеби? Же апаң Анжелика ырчы болгону үчүн ушул чөйрөгө кызыгып жатасыңбы?

– Ырдаганды жакшы көрөм. Бала бакчадан, мектептен дагы ырдачумун. Азыр дагы бул нерсе мен үчүн кызыктуу. Бирок кийин ырчы боломбу белгисиз, балким, хобби катары гана калат. Чоңойгондо башка кесипти тандап каламбы, билбейм. Апам ырдаганды жакшы көргөнүм үчүн эле жардам берет, репертуарымда 4-5 ырым бар. Акыркы ырымды өзүм тандадым.

– Азыркы жаштар к-рор стилине кызыгышат эмеспи, сен дагы жакшы көрсөң керек?

– К-рор стили жагат, бирок мен америкалык ырчыларды сүйүп угам. Ариана Гранде, Тейлор Свифт сыяктуу ырчылардын ырларын жактырам.

– Вокал боюнча сабак алдың беле?

– Көп мугалимге вокалга барып жүрдүм, бирок эң көп Айжан Газиевадан сабак алдым десем болот. Жамиля Муратова, Илима Дүйшеналиева эжелерден да сабак алгам.

– Мүнөзүңдү сүрөттөп берсең?

– Токтоомун, бирөөлөр менен такыр урушкум келбейт. Менде атамдын да, апамдын да мүнөздөрү бар. Атамдын жоош, токтоо жагын тарткам, апамдын эл менен тез тил табышкан мүнөзүн алгам. Бирок бирөө жиниме тийсе же капа кылса, катуу жинденип кетем (күлүп). Сиңдим Элима мага караганда «шустрая». Эки сиңдим бар, Элима жана Айлин. Айлинди тамактандырып, чачтарын тарап, кийинткен жагат. Куурчак менен ойноп жаткандай жагымдуу (күлүп). Элима болсо курбум сыяктуу, кээде менин кийимдеримди сурабай кийип алат. Аны менен талашып-тартышып калабыз. Үйдө үчөөбүз калганда экөө мени угушат. Экөөнү тең жакшы көрөм.

– Апаңдын кандай сапаттарын жакшы көрөсүң?

– Апам шайыр, аны менен эч качан зерикпейсиң. Туура эмес нерселерди жасап койгондо апам көп урушпай, сөз менен түшүндүрөт. Үчөөбүздү бирдей жакшы көрөт. Бирок Айлин кичине болгону үчүн ага бир нерселерди көп алып берет, көбүрөөк көңүл бурат. Айлин биздин эрке кыз.

– Саякаттаганды жакшы көрсөң керек, канча өлкөгө бардың?

– Саякаттаганды жакшы көрөм. Мектепте саякаттоо уюштурулуп, көп жолу чет өлкөлөрдү кыдырганбыз. Венеция, Париж сыяктуу чоң шаарларда жана Италияда болдук. Ал эми каникул учурунда үй-бүлөбүз менен чогуу эс алабыз. Апамдар менен Түркия, Дубайга барганбыз.

– Мурун «кат жазган балдар барбы?» деп сурашчу эле. Азыр кандай дейт болду экен, кыскасы, сени жактырган балдар барбы?

– Бар (күлүп). Кээде мектепке жолукканы келишет же студияга келип «таанышып алалыбы?» дешет. Социалдык тармактардан да жазган балдар бар. Бирок азырынча балдар мени кызыктырбайт, кичинекей кызмын да. «Алга» тобунда кыздардан эң бою узуну менмин, баары 16 жашта, а мен 13 жаштамын. Ошого эле мени чоң кыз деп ойлоп калышат окшойт (күлүп).

– Топтогу кыздар менен кандай мамиледесиң? Анжеликанын кызы болгонуң үчүн сага өзгөчө мамиле жасалбайбы?

– Үч топтун тең курамында болчумун. Азыр топту кыргыз тилинде «Алга» деп атап алганбыз. Анда Аяна, Мадина, Сезим деген кыздар бар. Мамилебиз жакшы, биз эже-сиңдидей эле болуп калдык. Мисалы, бирөөнө бир нерсе жакпай калса уялбай эле айтабыз. Апам баарыбызга бирдей мамиле жасайт.

– Атаңа окшошмун деп айтып калдың. Аны менен сырдашасыңбы?

– Ооба, атама сырларымды айта алам. Аны менен тез-тез көрүшүп турабыз. Каникул убагында бизди көчөгө алып чыгат. Көпкө сейилдейбиз, кафеге отуруп сүйлөшөбүз. Атамды жакшы көрөм.

– Сенден дагы жакшы ырларды күтөлүбү?

– Азыр продюсерим апам, музыкалык директорум Илима эже болуп дагы башка ырларды даярдап жатабыз. Кийинки ырларым кыргыз тилинде болот. Баары жакшы болсо, балдар күнүндө жеке концертимди берем деп кыялданып жатам. Ошо, мени менен болуңуздар (күлүп).

– Анда сага ийгилик каалайм!

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
“Апам ырчы болгону үчүн эмес, өзүм каалаган үчүн ырдагым келет“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
erik3
2020-12-07 14:29:06
Азаматсын Айыма. Ушундай сулуу, татынакай болуп журо бер. Сага ийгилик. Эн башкысы бул жашоодо эркин бол. Бироонун оюна коз каранды болбо. Ар кимиси артынан, астынан ушак айтып басынтып суйлой беришет. Кыргыздар бироонун ийгилигин коро албаган калкпыз. Аларга сен багынба. Мамаңдай озуно бекем бол. Озунду сулуу алып, жасанып журо бер жана ийгилик сени гана ээрчисин. Бар бол. Ар кимиси озунун коз карашын тануулай беришет. Сен алардын идеялогиясына жүгүнүп калба.
+2
asyl1998
2020-12-07 15:25:48
Ыр, бий менен кобуроок машыккыла балдар жана кыздар. Адамдын ден соолугуна ото пайдалуу.
+3
narynbek2001
2020-12-07 19:49:51
Азаматсын Айыма. Ушинтип бий, ыр менен машыгып жатсан толук колдойбуз. Бий менен машшыккандын ден соолугу, акыл эси да бекем болот. Дененин кыймылдап турушу бир эле ден соолука эмес акылга да он таасирин берет. Бийлегиле, ырдагыла
+2
BemaAzat9290
2020-12-08 08:02:31
Азаматсын ийгилик каалайм
+2
Omyrova
2020-12-08 15:05:27
Ийгилик жаш талантка.Канатынды күүлөп алыска уч.
+1
fanatka19
2020-12-08 20:03:42
Ийгилик Апандын эл деп соккон журогундой журок ар бирибизде болгондобу,бат эле онугуп кетмекпиз.
-3
sabyr86
2020-12-08 20:11:10
Супер инфо Айзуура Иманвлиевадан интервью алыныздарчы,кантсе дагы эл акынын кызы эмеспи.Акын тууралуу Гулбу Ороскул тууралуу эскеруулорун уккубуз келет.Айзууранын тайнеси менен деги эле мамасы каза болгондон кийин достору менен мамилеси кандай ушул тууралуу суроолор кызыктырат.Достукту даназалап ырдаган Достор тобу эмне учун досуна эскеруу концерт беришкен жок.
+4
admin_media
2020-12-10 11:31:28
sabyr86,Сунушуңузга рахмат)
0
Asem-1995
2020-12-09 00:40:49
Ак жол жолуң ар дайым ачык болсцн
+1
Jazgul2026
2020-12-13 10:19:41
Салам Супер Инфо Ынак Осмоналиевден интервью алгылачы,корунбой кеттиго ырдабай да калды.
+2
Jazgul2026
2020-12-13 10:21:03
Айыма сага ийгилик!
+1
meni_kut
2020-12-13 13:35:07
Супер Инфо илгерки эски ырчыларды таап интервью алгылачы,Кичинекей Гулмира, Артык сапар дуети Артыктан.Ташкент кызы Гулдон
+1
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан