АЯЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУККА КАРШЫ МАДАНИЯТ ӨКҮЛДӨРҮ ОЙ БӨЛҮШӨТ

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниясы уланууда. Бул Аялдарга карата зомбулукту жоюуга багытталып, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа биримдигинин Кыргызстандагы «Теңдик нурунун» демилгеси жана Швейцариянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашып жатат.

Аялдарга карата зомбулукту кантип жоё алабыз? Алдын алуу үчүн кандай жолдор бар? Кыргыз элине аты таанылган атактуулар ой бөлүшөт.

Темир Бирназаров, режиссёр: «ЗОМБУЛУК ЭРКЕКТЕРДИН КӨБҮ ЖАЗАСЫЗ КАЛГАНДЫКТАН КЕЛИП ЧЫГУУДА»

– Биринчиден, зомбулук зөөкүрлөр жакшы тарбия албагандан келип чыгып жатат. Ошондуктан эң биринчи кезекте бала 2 жашка чыккандан баштап эркек балага кызга, карындашына, эжесине кандай мамиле кылышты үйрөтүш керек деп ойлойм. Бизди кичинекейибизден тартып, айрыкча атабыз «кыз кишиге кол көтөргөн эркек адам эмес. Эч качан кол көтөрбөгүлө!» деп тарбиялачу. Зомбулук көбөйүп, аялдар эркектерге баш ийип, коркуп калганы биздин мыйзамдын иштебегенинен да болуп жатат. Эркектерге чара көрө турган органдардын баарында тең эркектер иштешет. Өкүнүчтүүсү ушул болуп жатат. «Эркекпиз да. Аялыма бир аз кол көтөрүп коюптурмун» десе, тиги да «ооба, ооба» деп айтканын кубаттап, бошотуп жиберишет. Качан гана зөөкүрлөргө катуу чара колдонула баштаганда коомду тартипке келтире алабыз. Эркектер гана эмес, азыр жалпы коомдун аң-сезими өтө төмөн. Ошондуктан аялдарга болгон мамилебиз өтө начар. Муну какшап айтып келе жатам. Бул тууралуу кино тартсамбы деп да жүрөм. Өзүңөр элестеткиле, өлкөдө 1 жылда миңдеген зордук-зомбулук болот экен. Бул акмакчылык да, кандай коомдо жашап жатабыз? Зордук-зомбулукка чара көрө турган органдарда аялдар көбүрөөк иштесе эркектерге катуу чара колдонулуп, мыйзамдар иштейт беле? «Чыдасаң жүнүң жалтырак болот» деген сыяктуу кыргыздарда көп макалдар бар го. Ошону аялдарыбыз мээсине сиңирип алып кордукка чыдап, көз каранды болуп жашап келишет. Аларда «өз алдыбызча оокат кылып кете албайбыз» деген коркуу сезимдери бар. Ошондуктан кыз-келиндерде эң биринчи кезекте билим болушу керек. Эркектерден көз карандысыз оокат кылып кете ала тургандай. Ошондо гана аялдарда эркиндик болот. «2-3 балам менен мени ким алат?» деген түшүнүк да бар. Ажырашкандан кийин балдарды энесине калтырып коюшат. Эркектер 7-8 миң алимент төлөмүш болуп, ошону менен кетет. Ошондуктан эркектерге болгон чараны күчөтүү керек. Аялы менен ажыраштыбы, аял 2-3 бала менен калдыбы, ошол эркек шарт түзүп бериши керек. Бул үчүн мыйзамды күчөтүү зарыл. Ошондо аялдар коркпой калат.

Зомбулук эркектердин көбү жазасыз калгандыктан, жазадан коркпогондуктан, жазанын жумшактыгынан келип чыгууда. Качан гана катуу чара колдонгондо зомбулук тыйылат деп ойлойм.

Менин кызыма, келинчегиме, карындаштарыма болгон сый мамилем уулдарыма сабак. Сөз менен деле айтпайм. Муну атайын жасабайм. Бул ата-энемден алган тарбия. Башкача кыла албайм. Андыктан, эркектер, аялзатын барктаганды билели.

Кайрат Примбердиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЯЛДАР ӨЗҮНҮН УКУКТАРЫН КҮЙӨӨСҮНӨ АЙТЫП ТУРУШУ КЕРЕК»

– Аялзатына карата кылынган зомбулукту жоюу үчүн, эң биринчиден, өлкөдө билим деңгээлди жогорулатуу керек. Көп нерсенин себеби билимсиздиктен келип чыгат. Айымдар биринчи жолу кылынган зомбулукту кечирбеши керек. Анткени бир жолу кол көтөргөн адам сөзсүз дагы андай кыларын түшүнүшү зарыл. Анткени мунун кесепети айымдардын өлүмү, андан тышкары өспүрүм балдарды сабоо фактылары менен аяктап жатпайбы. Зомбулукка көпчүлүк учурда ичкилик себеп болот, андан тышкары чөйрө дагы сөзсүз таасир берет. Мисалы, достору «сен аялыңдан коркосуң» жана башка ушул сыяктуу шылдыңдап койсо, тиги келип аялын тепкилеп салып жатат. Мындай учурлар, себептер көп, коомдун бузулганы дагы буга себеп. Жакырчылык, жумушсуздук, адамдардын каалоолору, тилектери орундалбай жатканы, өлкөдөгү коомдук, саясий, социалдык кырдаалдын бардыгы ушундай жаман, терс көрүнүштөргө сөзсүз түрдө таасир берип жатат.

Эгерде бул көйгөй коомчулукка айтылбаса, сүйлөнбөсө, ал көйгөй боюнча кала берет. Кыз-келиндер зордук-зомбулук көрүп жатса айтып чыгышы керек. Андан тышкары кыздар өзү да билимдүү болуш керек. Өз укуктарын билиши зарыл. Өз укуктары жөнүндө күйөөсүнө да айта билиши керек. Ар бир нерсени жай отуруп сүйлөшүү менен чечсе болот. Мүмкүн, кээ бир аялдар күйөөсү менен ошол көйгөйдү сүйлөшпөй жатышат. Жөн эле мас болуп келип сабаса, эртеси унчукпай жүрө берет.

«Эл эмне дейт?» деген куру намыс. «Ооруну жашырсаң өлүмгө себеп» дейт. Көп учурда ошол кыйналган келиндердин туугандары, ата-энеси дагы себепкер. «Кокуй, ажыраша көрбө, эл алдында уят кылба!» дешет. Анан кызы өлүп калганда элдин алдында аброю бийик болуп жашап жүрө беришсин.

Уулдарым көбүнесе мен аялыма кылган мамилени көрүп чоңоюп жатышат. А мен, Кудай сактасын, тиран эмесмин. Ошондой эле «кыз кишини сыйлаш керек, урбаш керек» деп акыл-насаатымды айтып тарбиялап келем.

Гүлжигит Сатыбеков,
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЯЛДАРГА ЗОМБУЛУКТУ БОЛТУРБОО ҮЧҮН БИЛИМ КЕРЕК»

– Сабатсыздыкты жоюу менен зомбулукту жөнгө салса болот деп айтат элем. Илгери аялдардын укугу чектелүү болгондуктан, жашообузга сиңген көрүнүш болуп калган. Мурда эркек киши үстөмдүк кылып турчу. Заман өзгөрдү, тең укук берилди. Биздин өлкөдө азыр демократия бар. Ошондуктан аялдар өз укугу бар экенин унутпашы керек. Көп үй-бүлөлөр материалдык жактан тартыш болгондуктан ажырашууга дуушар болушат. Зомбулуктун бардык түрүнө каршымын. Ар бир эркек аялзатын кантип урматтап, сыйлашты билиши керек. Аялзаты түбөлүк урматтоого татыктуу экенин унутпайлы. Бардык үй-бүлөгө бактылуулук каалайм.

Материал зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында даярдалды


Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asyl1998
2020-12-07 15:17:19
Ислам дининде аял кишини басынтуу, кемсинтуу шартын катуу карманышат. Аял кишиге диний тушунукторду тануулап, аялдардын эркин жашоо турмушун чектемей калптанып баратат. Буга жол берилбесин. Эгер ушундай диний тушунукторду тануулап, аял кишини чектей берсек, анда жакынкы беш жылда биздеги кыздардын денгеели афганистан, африка олколордун денгеелине тушуп калат
-2
Mister-XXX
2020-12-08 03:49:21
asyl1998,Ислам дининде аялды сыйлоо эң жакшы көрсөтүлгөн.Арабияны алып көр,Чеченстанды карап көр,Туркияны карап көр.Аялзатына өтө жакшы мамиле кылышат.Кыргызстанга караганда Россияда,Европада,ошол эле Америкада да өтө көп.Жалган дебейм,Кыргызстанда да көбөйүп кетти.Бул биринчиден биздин сабатсыздыгыбыздан болот.Сиз өтө жаш окшойсуз.Турмуш баарын үйрөтөт.Бир убакта баарын түшүнүп каласыз.Азыр сиз динди каралап жатканыңыз сиздин жаштыгыныз жана денгээлиниздин төмөндүгү.
+1
ika8086
2020-12-08 13:45:06
зордук-зомбулук,дегеле аялдарга эмес,жаш бобокторго,жашы 18ге толбогон уул-кыздардын кордугуна мыйзам иштесе.Зоокур,аялына кол которгон эркектер коркок болот,алсыз ушунчалык жийиркеничтуу адам катарынан чыккан бул жашоого татыксыз деп эсептейм.
0
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан