Денис Петрашов брасс түрүндө 100 метрге сүзүп алтын алды. Ушул эле түр боюнча 50 метрге алтын жана 200 метрге чейинки аралыкта сүзүп коло медаль тагынды.
Елизавета Рогожникова чалкасынан сүзүү боюнча 200 метр аралыкта алтын медаль алса, ушул түрдө 100 жана 50 метр аралыкка сүзүп 2 күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 200 метрге комплекстүү сүзүү боюнча да күмүш медалга ээ болду.
Рамазан Омаров эркин стиль боюнча 1500 метрге сүзүп күмүш, 800 метрге (Кыргызстандын рекорду) сүзүп күмүш алса, Тенгиз Тюбеев 1500 метрге эркин стиль боюнча сүзүп коло медаль утту.
Жумабай Акимов