“Күттүм, ай” ыры менен элге таанылган ырчы Джонни үйлөндү. 29-ноябрь күнү кыз узатуу тою болсо, 2-декабрь күнү тойканалардын биринде үйлөнүү-үлпөт тою өттү. Тойдун алдында таттуу түгөйлөр Джонни менен Айжан Иранова сүйүү баянын айтып беришет.
– Джонни, куш бооңуз бек болсун! Кандай сезимдер болуп жатат?
– Джонни: Рахмат. Толкундануу болот экен. Мени менен кошо ата-энем, бир туугандарым да аябай толкунданып жүрүшөт. Үй-бүлөдө алты бир туугандын эң кичүүсүмүн. Менден улуулары үй-бүлөлүү болгондуктан менин үйлөнүшүмдү көптөн бери күтүп жүрүшкөн. Апам үйгө коноктор келсе “кичүү балам үйлөнсө тойго чакырам” деп атайын мага угуза айтып, “намёк” кыла берчү. Бул күнгө да жеттик. Бирок биздин үй-бүлөгө караганда Айжандын үй-бүлөсү көбүрөөк толкунданып жатса керек. Айжан үйдүн улуусу. Булардын үйүндө мындай жакшылык биринчи жолу болуп жатат.
– Айжан: Ооба, ата-энем, ата-энемден өтүп өзүм толкунданып жатам. Буга чейин турмушка чыккан эжелеримдин, курбу кыздарымдын сезимдерин түшүнөм деп ойлочумун. Бирок башыңа келгенде гана түшүнөт экенсиң.
– Бир нече убакыттан кийин той башталат. Тойдо өзгөчөлүктөр болобу?
– Джонни: Эч кандай өзгөчөлүк деле жок. Болгону тойдо ичимдик болбойт. Анткени биздин үйдөгүлөр ичимдиктен алыс. Дагы бир себеби – кайнатам дин жолунда жүргөн адам. Ошол себептүү ичимдик койбогон туура деп чечтик. Андан тышкары 10 чакты унааны тизип алып шаарды кыдырбайбыз. Мындай нерсени жактырбайм. Ашыкча чыгым деп ойлойм. Азыр, өзүңүздөр көргөндөй, караокеде эс алып жатабыз. Бул жактан чыгып, той өтө турган ресторанга барабыз. Тойго 400 киши чакырылды. Менин досторум, кесиптештерим эле 250 киши болуп калат экен.
– Жубайыңызды тааныштыра кетсеңиз.
– Джонни: Жубайым Айжан Жалал-Абадда төрөлүп, Бишкекте чоңойгон. 5 бир туугандын улуусу. 20 жашта, студент. Экөөбүздүн ортобузда 9 жаш айырма бар.
– Жакшы. Айжан, кыздар кыялкеч болот эмеспизби. Тойду кандай элестетчү элеңиз?
– Айжан: Ооба, кыялданчумун. Жолдошум экөөбүз “Жар-жар” ыры менен коноктордун алдына чыгып жатканыбызды, менин бапырайган, шлейфи узун көйнөк кийип алганымды элестетчүмүн. Өзүм каалагандай көйнөк кийдим. Бирок биздин тойдо “Жар-жар” айтылбайт. Муну Джонни каалаган жок.
– Болочок жолдошуңуздун кандай болушун каалачу элеңиз?
– Айжан: Жолдошумду элестетчү эмес экенмин. Бою узун болсо экен деп эле койчумун. Бирок Джоннинин бардык сапаты мага жагат, өзгөчө жөнөкөйлүгү. Буга чейин Джоннидей жөнөкөй адамды жолуктурган эмесмин. Ички дүйнөсүн, мага кылган мамилесин жактырдым. Мени сыйлайт, такыр жаман сүйлөбөйт. Ошондуктан бул адам менен турмуш курууга даяр болдум. Тамашакөйлүгү да жагат. Кээде чектен ашып тамашалап салат. Мен көтөрө албай ыйлап калам. Кайра өзү кечирим сурайт.
– Джонни, сиз Айжандын кайсы сапатын жактырасыз?
– Джонни: Айжандын колунан көп нерсе келет. Тарбиясы жакшы, жакшы үй-бүлөнүн кызы. Анан, албетте, татынакайлыгы жагат. Арабызда көп жаш айырма болгону билинет. Айжан бат эле таарынып калат, эркелегиси келет. Эркелетип койсом маанайы көтөрүлүп калат.
– Экөөңүздөр кантип табышып калдыңыздар?
– Джонни: 2018-жылы жайында таанышканбыз. Анда “Мария” деген ырыма клип тарталы деп кыз издеп жатканбыз. Инстаграмдан Айжанды көрүп клипке тартылууну сунуштагам, ал “ата-энем уруксат бербейт” деп макул болгон жок. Бирок биз жазышып жүрдүк. Бир жылга жакын жазышкандан кийин жолугушууга чакырдым. Алгачкы жолугушууда экөөбүз тоого чыгып, бири-бирибизге ырдап бергенбиз. Мен гитарамды алып алгам. Айжан дагы жакшы ырдайт.
– Айжан: Ооба, ошол жолугушууда эле бири-бирибизди жактырганбыз. Бири-бирибизге “мурда эле жолуга бербей” деген элек. Кыз-жигит катары бир жарым жыл сүйлөштүк.
– Ушул менин адамым деген сезим кайсы учурда пайда болду?
– Айжан: Алгачкы жолугушууда бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле менин адамым деп ойлогом. Жаңылбаптырмын.
– Джонни: Менде да алгачкы жолугушууда ошондой ой болгон. Бирок дагы сүйлөшүп көрүш керек дедим. Жарым жыл сүйлөшкөндөн кийин баш кошууну чечтик. Ушул жылдын февраль айында Айжанга сөйкө салып, “брондоп” койгом. Тоюбуз сентябрь айында өтүшү керек эле. Пандемияга байланыштуу ресторандар жабык болуп, тойдун датасы жылып кетти. Күзүндө үйлөнгүм келчү. Кышында үйлөнөм деп такыр ойлобоптурмун. Бирок ар бир мезгилдин өз керемети бар.
– Кызга сөйкө салып, ата-энесинен колун сураптырсыз. Кыздын өзүнө үйлөнүү сунушун кантип киргиздиңиз?
– Джонни: Экөөбүз үйлөнөбүз деп эле чечип койгонбуз. Бирок башкалардай болуп сюрприз даярдап колун сураган жокмун. Ал үчүн Айжан таарынды.
– Айжан: Башында таарынып жүрдүм. Джонни “сөйкө салгандан кийин үйлөнүү сунушун киргизүү туура эмес болуп калат го” деди. Бирок кыздар романтиканы каалайт экенбиз. Анткен менен кийин таарынбай калдым.
– Джоннинин ата-энеси менен таанышуу кандай өттү?
– Джонни: Былтыр сентябрь айында апамдын 60 жаш юбилейи болгон. Той болгон жерге апама белек кылайын деп Айжанды алып барып тааныштыргам.
– Айжан: Мен анда апасы менен гана эмес, бир туугандары, тойго келген бардык туугандары менен тааныштым. Той өтүп жаткан ресторанга барып алып “мен кирбей эле коёюнчу, сени сыртта күтүп турам” деп кайра качкам. Бирок таанышуу мен элестеткендей оор болгон жок. Бат эле баары менен тил табышып кеттим. Апасы мага жакшы мамиле кылат. Мен да жакшы көрөм, өз апамдай болуп калды.
– Айжан, кайнене-кайната менен жашайт экенсиздер...
– Айжан: Муну укканда сүйүндүм. Мен үй-бүлөмдү ушундай элестетчүмүн. Мага чоң үй-бүлө болуп жашаган жагат. Анын үстүнө Джоннинин ата-энеси менен жакшы тил табышып кеттим. Мамилебиз аябай жакшы, көз тийбесин.
– Джонни “Айжан жакшы ырдайт” деп калды. Алдыда ырдап чыгуу оюңуз барбы? Джонни бул боюнча кандай пикирде?
– Айжан:Мен кичинемден ырчы болом дечүмүн. Мектепти бүткөндө да консерваторияга тапшырам деп жатып, акыркы убакытта айнып кеткем. Азыр КУУнун журналистика факультетинин 3-курсунун студентимин. Бирок журналистика дагы меники эмес экен. Кийинки жылы кайрадан консерваторияга тапшырам деген оюм бар. Бирок ырчы болбойм. Бул билимди өзүм үчүн гана алгым келет. Үй-бүлөдө бир гана ырчы болсо жетет.
– Джонни: Айжан ырдап чыгам десе колдойм. Дегеле Айжан кандай иш баштайм десе колдоого даярмын. Сулуулук салонун ачуу кыялы бар. Ошол кыялын орундатууга аракет жасайм. Буга чейин ушул тармакта иштеген.
– Чыгармачыл адамдар менен жашоо оор дешет...
– Айжан: Сүйлөшүп баштагандан тартып бизге Джоннинин чыгармачылыгынын эч кандай зыяны тийген жок. Ырчылар үйдө көп болбойт, гастролго көп чыгышат, түндө иштешет дешет. Анын баарына өзүмдү даярдап койгом.
– Жакшы. Бактылуу болуңуздар! Сиздерден жалаң жакшы жаңылыктарды угалы.
Перизат Музуратбекова