Экс-депутат, “Айтыш” фондунун түптөөчүсү Садык Шер-Нияз президенттикке талапкер болуудан баш тартты. Мындай чечимин ал 30-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушкан соң жарыялады. Жолугушуу экс-депутат, Садык Шер-Нияздын мурдагы партиялашы Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен орун алган.
Шер-Нияз парламенттик башкаруудан башка маселелерде Садыр Жапаров менен көз карашы дал келгенин билдирди. Жолугушууда маданият, сот реформасы, билим берүү, курултай институту өңдүү маселелер талкууланган. “Жолугушуу Садыр Жапаровдун резиденциядагы үйүндө, чай ичүү форматында өттү” деп билдирди Шер-Нияз. Ал парламенттик башкаруу формасын жактаган жаран катары каларын, мындан ары коомдук иштер менен алектенерин белгиледи.
Садык Шер-Нияздын талапкер болуудан баш тартканын анын тарапташтары нааразы болуу менен кабыл алды. “Жарым жолдон артка кайтып, колдоочуларынын ишеничине суу септи” деген сындар айтылып жатат. Саясатчылардын сүйлөшүп бир пикирге келишин жакшы көрүнүш деп баалагандар да бар.
Буга чейин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов дагы Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин Жапаровдун пайдасына өз талапкерлигин алып салган.
Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Жумабай Акимов