ДЕПУТАТТАРГА НОУТБУК САТЫП АЛУУГА ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАНДЫ

5-6-октябрдагы окуяларда талкаланган Жогорку Кеңештин имаратын оңдоп-түзөөгө мамлекеттик казынадан миллиондор жумшалганы жатат. Тагыраагы, парламентке жаңы ноутбуктарды жана жыйындар залына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 11 миллион сомго тендер жарыяланды. Маалыматты Жогорку Кеңештин маалымат кызматы ырастады. “5-6-октябрдагы окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы бардык техника, жабдуулар талкаланган. Алардын баарын кайрадан алуу үчүн тендер жарыяланды”,- деп билдирди Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова.

Жалпысынан 143 ноутбук, анын ичинен 135и конференция залы үчүн ноутбук сатып алуу пландалууда. Мындан тышкары парламент 71 400 сомго 12 LED-мониторду сатып алат. Сатылып алынчу техникалардын тизмесине 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер да кирет.

Өлкөдө республикалык бюджеттин абалы оор. Үстүбүздөгү жылдын аягына карата тартыштык 40-45 миллиард сомго чейин жетери күтүлүүдө. Бул сумма – мамлекеттик казынанын дээрлик үчтөн бирине барабар. Тартыштык боюнча мындай божомолду буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирген.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан