Учурда республика боюнча COVID-19 илдетинин экинчи толкуну жүрүүдө. Бул тууралуу 1-декабрда Бишкектин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Кубан Кундашев маалымат жыйында айтты.
Айтымында, экинчи толкун октябрдын орто ченинде башталды.
Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаеванын маалыматына таянсак, Бишкекте эпидемиянын туу чокусу 2021-жылдын февраль-март айларына туш келиши мүмкүн деген божомол бар. Вице-мэр ооруканалар туура дарылоо жолуна түшкөнүн, ооругандардын 90 пайызы сакайып жатканын айтат. “Туура дарылоого таянып экинчи толкундан жеңил өтсөк болот”,- деди Чыныбаева.
Эпидемиологиялык кырдаал курчуса өлкөдө тойкана, мейманканалар кайра жабылышы мүмкүн экени айтылды. Эпидемияга байланыштуу быйыл Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Жаңы жылдык концерт жана салют болбойт.
1-декабрга карата өлкөдө COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 73 178 адамды түздү. Анын ичинен 64 711 адам айыгып чыкты. Каза болгондор 1275 адам.
Жумабай Акимов