Парламент депутаты Акылбек Жапаров Социалдык фонддун абалы, пенсиялык систем жылдан-жылга оорлошуп баратканын айтып чыкты. Депутат убагында анализ жүргүзүлүп, өкмөт керектүү чараларды көрбөсө, анда 3 жылдан кийин тармак туңгуюкка кептелиши мүмкүн деген пикирде.
– Эгерде анализ жок, ушул бойдон кете берсек 3 жылдан кийин пенсия бере албай калуу коркунучу турат. 3 жылдан кийин Социалдык фонд сынып, эч ким пенсия албай калат деп ачык айтпайсыңарбы. Социалдык фонд өз милдеттемелерин аткара албай кала турган заманга баратабыз. Канча адам пенсияга чыкканын, топтомо бөлүгү кандай, так анализ болушу керек. Пенсия – бул жөлөк пул эмес, ким иштеп Социалдык фондго акча которсо гана пенсия алууга татыктуу,- дейт депутат.
Расмий маалыматка таянсак, учурда өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6061 сомду түзөт. Бул сумма кийинки жылы 6220 сом болорун 30-ноябрда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди.
Буга чейин өкмөт мүчөлөрү жарандарга пенсия, мамлекеттик жөлөк пул берүүдө эч кандай маселе жаралбайт деп айтып келишкен.
Өлкөдө пенсиянын суммасын көтөрүү убадасы ар бир шайлоодо айтылып, бирок сезилерлик өзгөрүү болбой келе жатат. Электорат тартууда, элди ынандырууда талапкерлердин негизги куралы болуп келет. Мисалы, 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Сооронбай Жээнбековдун "башкалар пенсияны 10 миң сом кылса, мен 11 миң кылып берем. Анткени мен бюджетти толтуруу жолдорун жакшы билем" деген убадасы азыркыга чейин ишке ашпаган убаданын айкын мисалы катары айтылып жүрөт.
Жумабай Акимов