Кыргыз-Казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрүү пункту 30-ноябрдан 2021-жылдын 1-мартына чейин жабылды.
Буга чейин премьер-министрдин маалымат катчысы болуп иштеген Дастан Дүйшөкеев Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Кыргыз студенти Теңирбек Каныбек уулу Бириккен Улуттар Уюмунун быйыл март айында өтүүчү жаштар сессиясына катышып, сөз сүйлөйт.
1-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 748 миллион метр куб суу бар.
Өлкөдө Жаңы жылдан кийин жогорку окуу жайлары ачылып, кадимки режимде иштөөгө өтөрү айтылды.
Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевге чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөттү.
Улуттук банк ноябрда доллардын сомго карата курсун туруктуу кармап туруу үчүн 84 миллион долларды сатыкка чыгарды.
1-ноябрга карата өлкөдө мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 542 600 адамды түздү.
Кара-Балта шаарынын мэри болуп Данияр Шакирбаев шайланды.
Кувейт өлкөсү Кыргыз жерине элчилигин ачууга кызыкдар экени айтылды.
Бишкекте 20-26-ноябрь аралыгында 7147 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын Патрулдук милиция билдирди.
УКМК: “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновго издөө жарыяланды”.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.