Алимардон Шүкүров, футболчу: “ОЮН ТАЛААСЫНА ЧЫКПАСАМ КЛУБДАН КЕТЕЙИН ДЕДИМ...”

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу, келечектен көптү үмүттөндүргөн мыкты жаш футболчулардын бири Алимардон Шүкүров биздин маек төрүбүздө. Түркиянын “Болуспор” клубунан эмнеге кеткени, алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштүк.

ФУТБОЛЧУ ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1999-жыл, 28-сентябрь

Туулган жери – Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кеңеш айылы

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 64 килограмм

Амплуасы – Жарым коргоочу

Учурда – Кыргыз курама командасынын оюнчусу


– Кош келдиң, Алимардон. Ден соолук жакшыбы? Учурда эмне иш менен алексиң?

– Рахмат, жакшы, баары. Кыргызстанга келгениме 3 жумадай болуп калды. Учурда эртең мененкисин машыгуу залына, түштөн кийин бассейнге барып жатам.

– Өткөн жылы августта Түркиянын “Болуспор” клубу менен келишим түздүң эле. Клубдан кетүүңө эмне себеп болду?

– Мен көп ойношум керек. Бул сезон башталарда машыктыруучум менен сүйлөштүм. “Оюн талаасына чыгып ойношум керек. Эгер дайыма ойной турган болсом калайын. Болбосо кетейин” дедим. 2-3 күндөн кийин спорт директор чакырып “сен каалагандай убакытты бере албайбыз, кааласаң башка клубга ижарага кете аласың” деди. Агенттер менен сүйлөшүп, Словакияга кете турган болгом. Стамбулда бир ай визага аракет кылдык, бирок визанын даяр болуу убактысы дагы артка жылып калды. Виза даяр болгончо Словакиянын бул сезондогу чемпиондугу дээрлик аяктап калат экен. Ошондуктан үйдөгүлөр менен кеңешип Кыргызстанга келе бердим.

– Клубдун негизги курамына кирүүгө мүмкүн эмес беле? Эмнеге оюн талаасынан сени көрө албадык?

– Ал эң биринчи өзүмдөн десем болот. Негизги курамда ойноо үчүн машыктыруучуларга, балким, татыктуу көрүнө алган жокмун. Биринчи мени чакырган машыктыруучум бар кезде жакшы эле оюн талаасына чыгып жаткам. Мени чакырган машыктыруучу төртүнчү оюндан кийин кетип калды. Жаңы машыктыруучу келгени мен оюн талаасына чыккан жокмун. Ал жакта жаш оюнчуларга эмес, тажрыйбалуу оюнчуларга басым жасашат экен. Командада көпчүлүгүнүн жашы 25тен жогору. Ал жакка барганым өзүмө тажрыйба болду. Билбеген нерселерди үйрөндүм.

– Жыл башында жаракат алып калдың, анан карантин башталды. Булар дагы сага кедергисин тийгизсе керек?

– Ооба, жыл башында башка клубга ижарага кетмекмин, сүйлөшүлүп баары даяр болуп калганда жаракат алып калып бир жарым ай эч нерсе кыла алган жокмун. Ошон үчүн “Болуспордо” экинчи айлампага калып калдым. Анан карантин башталып кетти, Кыргызстанга да кете албай калдым. Баары үйлөрүнө кетишип, туугандар же достор жок, клубдун базасында кароолчу экөөбүз эле калганбыз (күлүп).

– Учурда клубдардан сунуштар түшүп жатабы? Кандай пландар бар?

– Орусия, Беларусь өлкөлөрүнөн, жергиликтүү клубдардан сунуштар болууда. Үйдөгүлөр менен сүйлөшүп өзүмдү ыңгайлуу сезген жерде, ачыгын айтканда, Кыргызстанда ойноюн деп жатам. Учурда "Абдыш-Ата" клубу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

– Футболго болгон берилүүң эмнеден улам башталган?

– 9 жашымда айылга “Абдыш-Ата” академиясынын филиалы ачылып, алгач футболго байкем бара баштаган. Байкем команданын тобун үйгө алып келип “сен дагы футболго барасың” деп, мага топту ээлегенди үйрөтүп, сынакка даярдаган. Атам “бир үйгө бир эле футболчу жетишет, агаң барып жатат, сен мал караганга жардам бересиң” деп жибербей койгон. Атамдан “досторум менен ойноп келейинчи” деп суранып футболго баргам. Топту 30 жолу ээлеп, сынактан өтүп кеткем. 2-3 күн жашынып барып жүрдүм. Анан машыктыруучума үйдөгүлөр жибербей жатканын айтсам, агайым үйгө келип “балаңды футболго бер, жөндөмү бар экен” десе, “балам футболго барып жатабы?” деп атам таң калган. Ошондон тартып футболго дайыма бара баштагам. Бир жыл айылда ойноп жүрдүм. Кийинки жылы мени “Абдыш-Атага”, Кантка алышты. “Абдыш-Ата” – менин чоң мектебим. Көп нерсени ушул жактан үйрөндүм. Машыктыруучум башка өлкөлөргө барсын, алардын футболун көрсүн, өнүксүн деп аракет кылып бизди чет жакка көп чыгарды. Көптөгөн турнирлерде “Мыкты оюнчу”, “Мыкты жарым коргоочу” болгом.

– Испанияга, Өзбекстанга клубдардын кароосуна барып келдиң эле, сени чакырган командалар болдубу?

– Кичинекей кезимде эле Казакстан, Орусия, Өзбекстандын командаларына чакырышкан. Бирок жарандыгымды өзгөртүү шарты менен болчу. Атам "кыргыз болгондон кийин кыргыздын эле атынан ойнойсуң" деп макул болбой койгон. Жарандыгымды өзгөртүүнү мен деле каалаган эмесмин. Кийин бир байке “келип ойноп кет, командаларга жаксаң алып калышат” деп Мадридге чакырган. Ал жакта бир жарым айдай жүргөнбүз. Биздин каражатыбыз ошого араң жеткен. "Сан-Себастьян" деген командага чакырышкан, бирок каражат болбогондуктан кайра барган эмесмин.

– Кыргызстан-Мьянма оюнунда дубль жаратып, курама команда үчүн дубль жасаган эң жаш оюнчу аталдың. Бул оюн сага дагы өзгөчө сезим тартууласа керек?

– Азырынча бул оюн менин футболдук карьерамдагы эң мыкты, эсте калган оюн десем болот. Гол жаратып ошончо элдин үмүтүн актап, Кыргыз элин сүйүнттүм деп эсептейм. Ата-энем, бир туугандарым стадиондо болчу, аларды да кубандырып ишеничин актай алдым. Бул учурда “Болуспордо” болчумун. Биринчи машыктыруучум мени менен жакшы иштечү. Машыгуу учурунда, оюндан кийин дайыма анализдеп багыт берчү.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең?

– Үйдө 4 бир тууганбыз. Менден улуу эки агам, бир карындашым бар. Атам 22 жылдан бери Кеңеш айылынын имамы, апам үй кожойкеси. Атам-апам, улуу байкем "жакшы болду, дагы такшаласың" деп колдоп турушат. Ал эми ортончу байкем футболду түшүнгөндүктөн "мындай кылсаң болмок" деп каталарымды айтып турат.

– Футбол сага эмне бере алды?

– Эң негизгиси, тарбия берди. Чет өлкөгө барып, балдар менен таанышып, алардан жакшы жактарын алууга үйрөндүм. Кичинекейимде балдар менен мушташкан, жеткен тентек бала болчумун. Бир жолу чейректе сабактан "3" алып калгам. Атам “бул "3тү" кийинки чейректе "4" кылбасаң футболго барбайсың” деп койгон. Ошондо жан талашып окугам, кийинки чейректе "4" чыккан.

– Бош убактыңда эмне кылган жагат?

– Сериал көрүп, китеп окуган жагат.

– Акыркы окуган китебиң?

– “Бай атам, кедей атам” деген китепти окуп чыктым.

– Кайсы тилдерди билесиң?

– Кыргызча, орусча, түркчө. Азыр англис тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Апам тажик кызы болгондуктан тажик тилин да бир аз билем.

– Эмнени кыялданасың?

– Европанын жакшы командаларында ойноп, мыкты оюнчулардын катарына кирүүнү. Кыргыз курамасы менен Азия, Дүйнө чемпиондугунда ойноо – бул менин кичинекейимден берки кыялым.

– Оюнда утулуп калганда эмне кыласың?

– 15-16 жашыма чейин оюнда утулуп калсам үйгө келип ыйлай берчүмүн. Атамдар “сен жалгыз ойногон жоксуң, башка балдар да бар” деп кээде колдоп коюшса, кээде "эмне ыйлайсың?" деп урушчу. Кийин ыйлабай, оюндан кийин анализ кылганды үйрөндүм (күлүп).

– Алгач ирет канча жашыңда маяна алгансың жана аны эмнеге жумшагансың?

– Футболдон 15 жашымда алгам. Бирок кичинекей кезимде алюминий сатып деле акча тапчумун. Айлык алган күнү үйгө торт, таттууларды алып баргам.

– Оюн талаасында симуляция кыласыңбы?

– Кээде болуп кетет.

– Белек алган жакшыбы же берген жакшыбы?

– Албетте, алган жакшы.

– Баса, маектин соңунда 1 суроо: кандай кыздар жагат?

– Улуту жагынан айырмасы жок. Жасалмасыз сулуу, ыймандуу кыздар жагат.

– Маегиңе рахмат, ийгиликтерди каалайбыз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Rakyl12
2020-12-07 10:40:28
Али ийгилик!
+2
mmrhtbk
2020-12-07 20:59:34
Жакшы маек болуптур
+2
Guli-85
2020-12-08 07:31:20
Акшумкар курама командасы мага аябай жагат. Ишиңерге ийгилик жигиттер. Айрыкча машыктыруучуга. Алимардон тилегиңе жетип Кыргыз курама командасы дүйнөлүк оюндарда ойносун.
+2
bulathan
2020-12-10 16:03:34
Guli-85, буюрса
0
Guli-85
2020-12-08 07:32:16
Азаматсыңар АкШумкарлар
+1
Real_mir
2020-12-09 21:11:09
Ийгилик Алимордан
+1
Real_mir
2020-12-09 21:11:35
Али мордан ийгилик
+1
bulathan
2020-12-10 16:04:50
кыргыз жигити, азамат

0
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан