ХХ КЫЛЫМДЫН ЛЕГЕНДАСЫ МАРАДОНА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Армандо Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында кѳз жумду. Кылымдын голун киргизип “Кудайдын колу” аталган Марадона 16 жашында эл аралык футбол ааламынын босогосун аттаган. Футбол сүйүүчүлѳрү Марадонаны жоктоп бүгүнкү күнгѳ чейин аза күтүшүүдѳ.

ТҮПКҮ ТЕГИ АРГЕНТИНАЛЫК ЭМЕС

Диего Марадона "Аргентина футболунун Кудайы" деп эсептелгенине карабастан, анын ата-бабалары бул ѳлкѳгѳ Италиядан кѳчүп келишкен. Мындан тышкары ал белгилүү саякатчы Марко Полонун алыскы тууганы. Бирок андан да таң калычтуусу, окумуштуулар Марадонанын түпкү тегин изилдеп келгенде хорватиялык экенин аныкташкан.

ЖАШООСУНДАГЫ АЛГАЧКЫ ТОП

Диегону бактылуу кылган биринчи топту агасы белек кылган. Ошондо улуу футболчу болгону 7 жашта болчу. Бир нече күн бою аны эч кимге бербей, колтугуна кысып кѳтѳрүп жүргѳн. Атасы ага топту кантип туура тебүүнү кѳрсѳткѳн, кийинчерээк Марадона топту дубалга тээп машыга баштаган. Натыйжада ал чоң ийгиликтерге жетишип, 1982-жылы “Барселона” клубу менен 8 миллион долларга алты жылдык келишим түзгѳн.

ФУТБОЛ ТАРЫХЫНДА “КУДАЙДЫН КОЛУ”

1986-жылы FIFA Дүйнѳ чемпиондугунун чейрек финалындагы Аргентинанын Англия менен болгон беттешинде 51-мүнѳттѳ киргизген Марадонанын голу тарыхтагы эң белгилүү голдордун бири. Ал атаандашынын ийгиликсиз пасын колдонуп, топту сол колу менен Англиянын дарбазасына киргизип, Аргентина 2:1 эсеби менен жеңишке жеткен. Анын колу менен киргизген голун баары кѳрүшкѳнү менен, калыс байкабай калган. Ошол себептен гол эсептелип, Аргентина Дүйнѳ чемпиондугун багындырган.

Марадона ѳзү колу менен гол киргизгенин кескин түрдѳ четке каккан. Бирок убакыттын ѳтүшү менен аргентиналык футболчу мындай куулук үчүн күнѳѳсүн моюнуна алып, кечирим сураган. Кийин ал “гол Марадонанын жарым-жартылай башы жана Кудайдын колу менен кирген” деген.

Дал ушул беттеште Марадона "кылымдын голун" тарыхта калтырган.

ХХ КЫЛЫМДЫН МЫКТЫ ФУТБОЛЧУСУ

ФИФА жүргүзгѳн сурамжылоонун жыйынтыгында, Марадона ХХ кылымдын мыкты футболчусу деп табылган (53,6 пайыз). Ага карабастан ФИФА башкача чечим кабыл алып, титул дагы бир легендарлуу оюнчу Пелеге ыйгарылган. Мындай чечим федерациянын адистери талкуулагандан кийин жарыяланган. Марадона добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы экенин, уюштуруучуларга аябай таарынганын айткан. Жыйынтыгында, эки оюнчу тең мыкты оюнчу аталат деген чечим кабыл алынган.

FERRARI F-40

Марадона Италиянын эң чуулгандуу саясатчысы, “Милан” футбол клубунун президенти Берлускониден азгырык сунуш алган. Берлускони футболчуга “Наполи” менен түзүлгѳн келишимден эки эсе кѳп сумманы сунуштаган. Мындан тышкары Марадонага Миландын борборунан батир, ошондой эле ѳзүнүн "Фининвест" компаниясынын акцияларын алат деп убада кылган. Диего мындай сунуштан баш тарткан жана ыраазычылык иретинде “Наполинин” жетекчилигинен Ferrari F-40 алган.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан