КОЙ (21.03-20.04)
Кѳп мээнетти талап кылган иштерге киришпей турган оң. Пландар бузулуп калышы мүмкүн. Кесиптешиңиздин кемчилиги кѳрүнүп, жиниңизди келтирет. Достордун колдоосуна татып кубанасыз. Эки жүздүүлѳрдүн бети ачылып, айланадагы адамдарга анализ жүргүзүүгѳ туура келет. Сизге берилген белек эң керектүү болуп чыгат.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Активдүүлүк каржылык жаатта ийгиликтерди алып келет, бирок эсеп-кысапка так болуңуз. Бирѳѳнүн ишине кийлигишүү маанайыңыздын бузулушуна алып келет. Тар чѳйрѳдѳ кайсы бир маселени чечүүгѳ салым кошосуз. Сүйүү жаатындагы түйүндѳр оңой чечилет. Кѳз же кулак оорусунан улам врачка кайрылууңуз ыктымал.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жакын адамыңызга ой-пикир айтканга керектүү убакытты тандаңыз. Жеке жашоодо күтүлбѳгѳн жакшы окуя болуп ѳтѳт. Сүйүктүүңүздү жок жерден орой тамаша менен таарынтып албаңыз. Пайда алып келбегендиктен, чала тааныштардын акылын укпай койгон оң. Уйкусуздукту же чарчаңкы абалды жеңүү үчүн дары чѳп чай ичиңиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Окуялардын агымы менен болсоңуз анча-мынча жагымсыздыктар ѳзүнѳн-ѳзү жоголот. Кээ бир маселеңиздин чечилишине жардам берүүчүлѳр чыгат. Кийимдерди оңдотуп-түзѳтүү иштерин бүткѳрѳсүз. Бирѳѳнү тосуп аласыз же узатасыз. Жакшы сѳзгѳ эрип кетип ѳзүңүзгѳ керектүү нерселерди бирѳѳгѳ карматып жиберүүдѳн карманыңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Документ иштеринде катачылык кетсе чѳнтѳккѳ түшчү акча азаят. Андыктан этият болуу сунушталат. Жумуштагы жана үйдѳгү иштерди бүтүрѳм деп чарчооңуз ыктымал. Ѳз күнѳѳңүздү башкага оодарам деп уят болуудан сактаныңыз. Сүйүү мамилеси ойдогудай болот. Тууганыңыздын үйүнѳ чогулуп маанилүү маселени талкуулоо күтүлүүдѳ.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ишке жѳндѳмдүүлүк, кѳрѳ билгичтик ѳсѳт. Жумуш боюнча ѳнѳктѳштѳрдү ынандыруу менен алардан кѳмѳк алып чоң иштерди баштай аласыз. Күтүлбѳгѳн жерден акча керектелет. Керексиз байланыш, талаш-тартыштарга убакыт коротпоо керек. Үй иштерин жасап жатканда дене мүчѳнүн бир жерин кокустатып алуудан сак болуу сунушталат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке жашоодо жагымдуу окуя күтүлѳт. Чыңалып иштейм деп ѳнѳкѳт оорулардын козголушуна жетпѳѳ керек. Ѳткѳѳл курактагы балдарга кѳз салбаса бирѳѳ менен конфликтке кабылуу коркунучу бар. Үй буюмдарынын айрымдарын алмаштырышыңыз керек болот. Ойлонуп сүйлѳбѳсѳңүз сыйлуу адамга уят болуп каласыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жолго чыгуу зарылчылыгы жаралса баарын туура пландап, керектүүнүн баарын унутпай алуу зарыл. Болбосо нервди козгоочу майда иштер кыжалат кылат. Үй жана балдар маселеси чыгымдарды талап кылат. Айрымдар жумушун алмаштырууга бел байлашат. Жагымдуу мүнѳттѳрдү конокко келген адам тартуулайт. Ѳзүңүзгѳ керектүү буюм аласыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Убакытты талап кылып келген ишти бүтүрүүгѳ, дос-тууган арасындагы позицияны бекемдѳѳгѳ ылайык кез. Акыйкатсыздык мамиледен улам чѳйрѳңүздѳн бирѳѳгѳ нааразы болосуз. Жагымдуу жаңылык угууга кулак түрѳ бериңиз. Суукка урунуудан сактаныңыз. Жакындарыңыз менен бир маселени чечүү үчүн акча чогултушуңуздар ыктымал.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сыртка ушак ташып, сиз тууралуу жагымсыз маалымат таратып жүргѳн таанышыңыз ким экени аныкталат. Айрымдар акчалуу болушат. Түн жамынган уурулардан сак болууну жылдыздар эскертишет. Сизди бир иштер боюнча алдап, куулукка барчулар чыгат, этияттык керектелет. Үйдѳгүлѳрдүн бири жакшы иш-аракети менен кубантат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Үйдѳгүлѳрдүн жана сүйүктүүңүздүн кызыкчылыгын башка нерсеге алмаштырбоо кажет. Уккан жаңылык акча издѳѳгѳ мажбур кылышы ыктымал. Жакын тууганыңыздын айтканын алып бересиз. Имиджди ѳзгѳртпѳй туруу сунушталат. Чыгармачылык шык ойгонуп жаңы нерселерди жасоону үйрѳнѳсүз. Анын арты менен киреше да табылышы мүмкүн.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жагдайлар ѳзгѳргѳндѳн улам пландар алмашып турат. Кѳрѳгѳчтүк жана тездик менен баарын туура ойлонуп чечиңиз. Тапкан акчаңыз мурункудан кѳбүрѳѳк болмокчу. Туугандардан кабар алып, бирине кам кѳрүүгѳ туура келет. Үй жылытуучу приборлорду, от жагылчу жерлерди жакшылап текшерип, кырсыктын алдын алуу сунушталат.