Бул жолку каарманыбыз бир үйдүн жүгүн жалгыз тартып жаткан 33 жаштагы Самара Юсупова. Жолдошу Москвага иштегени кетип, 4 баласы менен таштап, башка бүлө күтүп алганын айтат. Юсупованын айтымында, бул аз келгенсип жолдошу балдарга жардам бербейт. “УУЛУМ ТӨРӨЛГӨНДӨ ЖОЛДОШУМ КЕЛБЕЙ КОЙДУ”
– Мен Оштон болом. 33 жаштамын, 4 уулдун энесимин. Жолдошум менен бирге 13 жыл жашадык. Москвага барып иштеп келип жүрчүбүз. Кичүү уулум боюмда болгондо өзү жалгыз иштегени кеткен. Төрөгөндө жолдошум келбей койду. Уулум азыр 5 айга толду. “Башканы алып алдым” деп алдыма келгенде анын эмнеге бизден безип жүргөнүн түшүндүм. Тигил келиндин айтымында, алар Москвада чогуу жашап жүрүшүптүр. Азыр Ош шаарында жашап жатышат. Күйөөм бир аял үчүн 4 баласынан баш тартып басып кетти. Ал келиндин үй-жайы, унаасы бар экен. “Мага күйөө керек, мен өзүм багып алам” дейт экен. Күндөшүм экөөбүз урушуп кеткенбиз, менин ордумда кайсы аял болбосун урушмак да. Эшигимдин алдына келип жолдошума талак бердирип, мени менен уруштуруп кеткен. Кийин дагы базардан көрүшүп калсак мага асылып, намысыма шек келтирип, ар кандай сөздөрдү айтып туруп алды. Урушуп, жулмалаша кеттик. Ал деле мени жулмалап, муштуму тийген болчу. Бирок биринчи барып догурунуп “мени уруп-согуп кетти” деп үстүмдөн арыз жазып салыптыр. Азыр ишим сотто. Эми күндөшүм “нике күбөлүгүн жокко чыгарса тосмо арыз жазып берем” деген шарт коюп жатыптыр. Чынында менин тынчымды албай жайыма коюшса аны менен урушайын деген деле оюм жок болчу. Кийин мен да арыз жазсам “окуянын убактысы өтүп кетти” деп арызымды карабай коюшту. Арызымды карабай коюшканы үчүн прокуратурага милициянын үстүнөн арыз жаздым.
“СОТТУК ИШТЕРДЕН БАШЫМ ЧЫКПАЙ КАЛДЫ”
– Уулдарымдын улуусу 12 жашта, кайненемдин колунда. Кичинекейинен багып чоңойтушту, бирок баламдын өзүмдө болушун каалайм. Кайын журтум “өзүңөр турмуш кургансыңар, өзүңөр чечкиле” деп коюшту. Азыр мага өз туугандарым жардам берип жатат, кээде эл арасынан деле азык-түлүк алып келип жардам бергендер болот.
Мен алимент, кошумча акы боюнча сотко арыз менен кайрылгам. Жолдошумдун Алайдагы үйүндө каттоодо тургам. “Балдарың менен ошол үйдө жашайт экенсиң” деп алиментти жокко чыгарып салышты. Бирок фактыга таянсак, 3 бала дайыма мени менен жашайт. Кайра бул иштин үстүнөн доо арыз жаздым. Кенже уулум кичинекей болгондуктан 3 жашка чейин кошумча каражат төлөнүшү керек экен. Соттон улуу баламды да өзүмө алып беришин суранып жатам. Азырынча бала менен үйдөмүн, иштей албайм, бирок иштеп балдарымды бакканга кудуретим жетет.
Кичинекей баламды көтөрүп алып күндүн суугунда ар кайсы укук коргоо органдарынын эшигин каккылап жүрөм. Бүгүн да экинчи тарап келбей коюп сот жылып кетти. Мен ажырашууга макулмун, мени жайыма койсун деп жатам. Төрт баласынан кечип, аларды карабайм деп кетип калган күйөөдөн эмне жакшылык болмок эле? Жолдошумдун карыздарын жаап, документтерин алдырып жибергенде алып берип “кой, бул балдарымдын атасы” дечүмүн. Менин кадырымды билген жок. Аялын алдыма алып келгенде “мейли, жашасаңар жашай бергиле, балдарыңды баксаң болду, менин тынч жашагым келет” дедим. Ага да болушкан жок, менин тынчымды алып жатышат. Соттордон башым чыкпай калды. Эми сот адилет чечим чыгарып, балдарымдын баары өз колумда калса, жолдошум милдеттүү алиментин төлөсө деген эле тилегим бар.
Динара Акимова