Талыкпаган эмгек, тер төгө машыгуулардын аркасы менен ийгилик жаратып кыргыз элин кубанткан спортчуларыбыз арбын. Кээде туруп «көрүнбөй кетти, бул кайда, азыр эмне кылат?» деген суроо сизде да жаралса керек, окурман. Бул ирет кезинде жетишкен ийгиликтери менен атактуулуктун туу чокусуна жеткен бир катар спортчуларыбыздын азыр кайда, эмне иш менен алек, кандай жаңылыктары бар экенине кызыгып көрдүк.
ДАНИЯР КӨБӨНОВДУ ЭМИ UFC`де КӨРӨБҮЗБҮ?
Грек-рим күрөшү боюнча балбан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, Азия оюндарынын (Гуанчжоу-2010) алтын медалынын ээси, эки жолку Олимпиада оюндарынын катышуучусу, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2010-жылдын Супер спортчусу» Данияр Көбөновду, буюрса, октагондо көрүп калышыбыз мүмкүн. Ал учурда эмне менен алек экенин өзүнөн угалы.
– Мен Америкадамын. Кыргызстанда 3 айдай жүрүп келдим. Америкага учуп келгениме бир аптадай болуп калды. Бул жакта машыгуулардан өтүп, бизнес кылуунун жолдорун үйрөнүп жатам. Акыркы 3 жылдан бери бул жактамын. 10 жылдай болуп калды, эки мамлекеттин ортосунда келип-кетип эле жүрөм.
Менин учурдагы максаттарымдын бири – UFC болууда. Олимпиадалык спортто мен жарата албай калган ийгилик өтөсүнө чыкпай калды, дагы ийгилик жаратышым керек эле. Дүйнө чемпиондугун, Олимпиада оюндарын утушум керек болчу, көксөөм суубай калды. Андыктан профессионалдык спортко өтүп, тарых жараткым келип турат. Бул жактагы досум «UFC’де өзүңдү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүң бар» деп көп айтат. Анын бул сөзү дагы мага түрткү берди. Буюрса, мени октагондон көрүп каласыңар.
РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВ АКШда МАШЫКТЫРУУЧУ БОЛОТ
Бээжиндеги жайкы Олимпиада (2008) оюндарынын коло медалчысы, Азия чемпиону, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, белгилүү балбан Руслан Түмөнбаев АКШда машыктыруучулук ишти аркалоодо.
– Америкада жүргөнүмө эки жылдай болуп калды. Бул жакка келүү жеке өзүмдүн тандоом болду. Учурда ар кандай иштер менен алекмин. Негизинен өзүм спортто жүргөн соң машыктыруучу болуп иштейин деген чоң ой-максаттарым бар. Кудай буюрса, келерки жумаларда бир залга машыктыруучу болуп кирүүгө мүмкүнчүлүк болуп жатат. Бул жакка келгени башка жаатта эмес, өзүм машыгып келген грек-рим күрөшү боюнча эле багыт алып баратам. Азырынча чоң деле жаңылык жарата элекпиз. Көп нерсени багындыруу үчүн убакыт керек экен. Машыктыруучу да, спортчу да болуп экөөнү бир алып бара жатам. Экөөнү бир алып кетип ийгиликке жетүү чынында кыйын. Машыктыруучулук тармагында жакшы ийгиликке жетем деген ойдомун.КАНЫБЕК САГЫНБАЕВ ЫСЫК-КӨЛДӨ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУН ӨТКӨРҮҮНҮ ПЛАНДООДО
Кий менен куралданып Дүйнө чемпиондугун 5 жолу багындырып атагы алыска кеткен бильярдчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2011-жылдын Супер спортчусу» Каныбек Сагынбаев өлкөбүздө бильярдды өнүктүрүү аракетинде жүргөнүн айтат.
– Кыргыз бильярд федерациясынын президентимин, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы олимпиадалык резервдеги балдар мектебинин директорумун. Мектепте 16-17 жашка чейинки балдар бекер машыкса болот. Негизинен өзүмдүн эле профессионалдык ишмердүүлүгүм менен алекмин. Жаштардын ийгиликке жетүүсү үчүн өзүмдүн билгенимди бөлүшүүгө аракет кылуудамын. Бул жылы пандемиядан улам жаңылык жарата албай калдык. Бирок таптаган балдардын ичинен өсүп, чемпиондуктарды багындырып жаткан балдарыбыз бар.
Дүйнөлүк алкакта кыргыз бильярдынын деңгээли бийик. Буюрса, 2021-жылы абал турукташып, баары жакшы болсо Ысык-Көлдө Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буга чейин өлкөдө 4 жолу Дүйнө чемпиондугу өткөрүлдү. Негизинен спортту өнүктүрүү үчүн мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек. Бизде тескерисинче, эң жөнөкөйүн эле айтсак, Спорт ордосундагы базабызды алып, шуба саткандарга ижарага берип коюшту. Азыр биздин федерациянын атайын базасы жок. Ал жерге биз деле акы төлөчүбүз. Өлкөгө жаңы президент келсе федерациядагы маселелерди көтөрүп кайрылалы деп жатабыз. Болбосо мага коңшу өлкөлөрдөн жакшы сунуштар түшүп жатат. Ал жакта бильярдды өнүктүрүүгө жакшы аракеттер көрүлүүдө.КАЗАКСТАНДЫК «АКТӨБЕНИН» ЖЫЛДЫЗЫ ЭМИЛ КЕНЖЕСАРИЕВ
«Абдыш-Атадан» чыккан футболчу Эмил Кенжесариев 2004-жылы "Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" болгон. Ага атактуулук Казакстандын «Актөбе» клубунда ойноп жүргөндө келген. Клубдун курамында 4 ирет Өлкө чемпиондугун, 1 ирет Өлкө кубогун уткан. Ал дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратмак. Бирок ага 2013-жылы орун алган каргашалуу окуя бут тосту. Алматыда ур-токмокко алынгандан кийин ден соолугунда олуттуу маселелер жаралып, футболго кайтууга мүмкүн болгон эмес. Учурда ден соолугу кандай экенинен кабар алдык.
– Буюрса, ден соолугум жакшы. Операциядан кийин ичип жүргөн дарыларды токтоттум. Спорт ден соолугумдун калыптанышына жакшы жардам берди. Азыр машыгуу залына барып жатам. «Актөбеде» менин жакшы жылдарым өттү. Клуб азыр мурдагыдай күчтүү болбой калды. Ал жактан тааныштарымдын баары кетишкен. Көбү 40 жаштан ашып калышты, клубда эң жашы мен болчумун да, азыр болсо 33 жаштамын. Негизи Кантта «Абдыш-Атада» жаш балдарга машыктыруучулук кылып жаткам. Азыр күн суук болгондуктан Кантка барып келүү оорчулукту жаратууда. Убактылуу ал жакка каттоону токтоттум. Күн жылыса кайрадан машыктыруучулук ишимди улантам.
Динара Акимова