Өлкөдө Конституцияны өзгөртүү демилгеси боюнча талаш-тартыш уланууда. Көпчүлүктүн көңүлүн президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин бири-бирине айткан сыны бурууда. Президенттик башкаруу формасын жактаган Садыр Жапаров 7-декабрда социалдык түйүндөгү жеке баракчасы аркылуу билдирүү жасап, анда учурдагы Конституция өлкөнү 30 жыл артка тартты деди.
– Өмүрбек Текебаев “Садыр Жапаров сунуштап жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” дептир. Тескерисинче, Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. Муну бүгүнкү турмушубуз ачык далилдеп отурат. Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебеси тастыкталды. Партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системи кызылдай эле бизнеске айланып кетти. Биз ушуну жок кылып жатабыз, мындан ары добуш сатып алуу түп тамыры менен жок болот,- деди Жапаров.
Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров менен 5 жолу жолукканын, бардык жолугушууда Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтканын билдирди.
– Эгерде авторитардык жетекчилердин системин алып келебиз десеңер, тагыраагы, Конституцияга ошондой өзгөртүүлөрдү киргизебиз десеңер мен ачык каршы чыгам деп ар бир жолугушууда айттым. Жапаровдун демилгеси менен чыгып жаткан Конституцияны сындаганым – менин сөзүмө бекем тургандыгым. Мени “аксакал болуп бер” деп, иш жүзүндө “дежур чалга” айландыргылары бар. Мен эч качан “дежур чалга” айланбайм. Мен демократиянын – эл бийлигинин солдатымын, өз постумду эч качан таштабайм,- деди Текебаев.
Айта кетсек, учурда Конституцияны өзгөртүү боюнча конституциялык кеңешме иштеп жатат. Жаңы долбоорго ылайык, өлкө президенттик башкарууга кайтат.
Жумабай Акимов