РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ПАРЛАМЕНТТЕ 1-ОКУУДАН ӨТТҮ

9-декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик башкаруу формасы боюнча 10-январда референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамдын долбоору каралып, 1-окууда кабыл алынды. Мыйзамдын демилгечиси – депутат Акылбек Жапаров.

"Биз биринчи окууда концепциясын карайбыз. Биз Конституцияны өзгөртөлү деген мыйзам киргизген жокпуз. Референдум боюнча мыйзамга такап, президенттик же парламенттик башкаруу системин эл тандап алсын деп жатабыз. Тажрыйбалуу депутаттардын сунуштарын карайбыз. Өкмөттүн корутундусу бар. Экинчи окууда алып келебиз", - деди ал.

Мыйзам долбоору көпчүлүктүн колдоосу менен өттү. “Каршы” деп добуш берген эл өкүлдөрү саналуу эле болду. Алар: Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова.

Мыйзам долбоору 3 окуудан кабыл алынса, Кыргыз эли 10-январда президенттик шайлоодо өлкөнү башкаруу формасын да тандоого тийиш. Элге “Сиз Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунун кандай формасы болушун колдойсуз?” деген суроо берилип, тандоого “парламенттик” жана “президенттик” деген жооптор коюлат.

Өкмөт “Референдум тууралуу” мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов долбоорго карата өкмөттүн оң корутундусу берилерин айтты.

Ушул эле күнү Ак үйдүн алдына референдум өткөрүүгө каршы жарандар митингге чыгышты. Топтолгондор Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын референдум өткөрүүгө укугу жоктугун айтышып, бийликке бир катар талаптарды коюшту.

Азыркы учурда коомчулукта бирдиктүү пикир жок. Акыркы 10 жылдык парламенттик башкаруунун кемчилигин жүйө туткандар президенттик башкарууга кайтууга ыктап турса, демилгеленип жаткан Баш мыйзамдын долбоору өлкөнү Акаев-Бакиев дооруна алып барат деп коңгуроо кагышууда.


Жумабай Акмиов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан