ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ АКШны КЫРГЫЗДЫН ИЧКИ ИШИНЕ КИЙЛИГИШПӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги АКШны өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды. Бул чакырык – элчи Дональд Лунун сөзүнө жооп катары айтылды. Министрлик элчинин сөзүндө өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү жана тергөөгө басым жасоо элементтери бар экендигин АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

– Кандай гана жакшы максат болбосун эл аралык мамилелердин жана улуттук мыйзамдардын принциптери бузулбоого тийиш,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ элчилиги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. Анда "АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө өбөлгө түзөт",- деп жазылган эле.

Бул билдирүүгө карата коомчулукта эгемендүү өлкөнүн ички иштерине сырттан кийлигишүү деген пикирлер айтылып, талкуу жаралган.

Белгилей кетсек, 2015-жылы АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Кыргыз өлкөсүндө өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгынын тапшырылышы коомчулуктун талкуусуна кабылган. Бул окуя да Кыргыз ТИМи тарабынан өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү деп бааланып, ал кездеги премьер-министр Темир Сариев Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык боюнча келишимден бир тараптуу чыгуу токтомуна кол койгон.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан