Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдиктин эң жакыр мүчөсү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка таянсак, Кыргыз өлкөсүндө ички дүң продукциянын деңгээли 1300 доллардан бир аз көбүрөөк болуп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң кедей өлкө деп аталган. Аталган союздагы өлкөлөрдүн рейтингинде калктын киши башына карата ички дүң продукциясы боюнча мурдагыдай эле Орусия алдыда турат. Бүгүнкү күнгө карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде калктын киши башына ИДПсынын көлөмү мындай: Орусия – 11 601 доллар, Казакстан – 9750 доллар, Беларусь – 6658 доллар, Армения – 4760 доллар, Кыргызстан – 1300 доллар.
Маалымат үчүн: Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы толук кандуу мүчө болгон. Ал кездеги өлкө жетекчилиги уюмга кирүү менен өлкөдө экспорттук климат оңолуп, Кыргыз товарлары 70 миллион керектөөчүсү бар ири рынокко чыгып, ишкерлердин, анын ичинде жалпы элдин жашоосу жакшырат деп убада берген. 5 жыл өттү, Кыргыз эли күткөн жыйынтык боло элек. Дыйкан, фермерлердин товарын сыртка сатуу иши толук жолго салына элек. Казакстан түрдүү шылтоо айтып чек арасынан өткөрбөй койгон окуялар болуп келе жатат. Эксперттер Кыргыз өлкөсү ЕАЭБдин пайдасын көрбөй жатат деп коңгуроо кагып келишет.
Коомчулукта Кыргызстан аталган уюмга даярдыгы жок кирип, ошондон улам үзүрүн көрбөй жатат деген пикир басымдуулук кылат.
Жумабай Акимов