ДҮЙНӨНҮН ЭҢ СУЛУУ АЙЫМЫ – ХАНДЕ ЭРЧЕЛ

Кыпкызыл помада менен боёнуп, аксессуарлардын түрүн тагынып, каалаган кийимин киет. Анткени кандай чач жасалга кылбасын, эриндерин кайсы түскө боёбосун, кандай кийим кийбесин ага жарашат. Кичинекейинен эле эл көзүндөгү жарык, активдүү кыз болчу. Чоңойгону дүйнө эли бир ооздон “сулуу айым” деп кабыл алган деңгээлге жетти. Ал – назик, бирок күчтүү айым. Ал – Ханде Эрчел.

Аты-жөнү: Ханде Эрчел

Туулган жери: Түркия, Бандырма шаары

Туулган жылы: 1993-жыл, 24-ноябрь

Бою: 175 сантиметр

Кесиби: модель, актриса

Тартылган белгилүү сериалдары: “Боз торгой”, “Гүнештин кыздары”, “Сүйүү сөз түшүнбөйт”, “Азизе”, “Шакек”, “Менин эшигимди черт”

БЕЙПИЛ БАНДЫРМАДАГЫ БАЛАЛЫК

1993-жыл. Түркиянын түндүк-батышында, Мармара (Мрамор) деңизинин жээгинде жайгашкан Бандырма шаарында жашаган Эрчелдердин үй-бүлөсүндө Ханде аттуу ымыркай төрөлдү. Мындан бир жыл мурун эле тун кыздуу болушкан ата-эне үчүн Ханденин жарыкка келиши эки эсе бакыт болчу. Гамзе менен Ханде эгиз козулардай ээрчишип ынтымактуу болушту. Бири токтоо, экинчиси шайыр, активдүү. Адатта шаарда чоңойгон балдарда көчөдө ойноого шарт жок эмеспи. Бирок Бандырма андай шаарлардын катарына кирбейт. Чакан калктуу (100 миңден ашуун) шаардын тургундары бейпил өмүр сүрүшөт. Башка шаарлардагы балдар сыяктуу үйүнө камалбай, Ханде достору менен өз шаарынын көчөлөрүндө эркин ойноп чоңойду. Атасы соода-сатык иштери менен алек болсо, апасы балдарын карап үйүндө отурчу. Биздин бүгүнкү каарман дал ушундай жөнөкөй шаарда, жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгон.

АТАКТУУЛУК

Ханде тартылган көрүнүктүү сериалдардын алгачкысы биз жакшы билген “Боз торгой”. Түркиянын атактуу түгөйлөрү Бурак Өзчивит жана Фахрийе Эвженди табыштырган бул сериалда Ханде Эрчел эпизоддук каарман Захиденин ролун аткарган. Ал эми актриса катары багын ачкан “Гүнештин кыздары” сериалы болду. Гүнеш айымдын кичүү кызы Селин Йылмаздын ролун аткаргандан кийин ага башка тасмада башкы каармандын ролу тийди. Комедия, романтика жанрындагы “Сүйүү сөзгө түшүнбөйт” сериалында музоо кирпиктүү актёр Бурак Деңиз менен сүйүшкөндөрдүн образын жаратышкан. Эми аны көчөдөн тааныбаган, кол тамгасын сурабаган адам аз эле.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА АЛГАЧКЫ КАДАМ

Стамбулдагы Көркөм-сүрөт искусство университетинде эжеси дизайнерликке билим алса, Ханде түрк тили жана адабияты факультетин тандап, бош убактысында актёрдук чеберчилик курстарына барып турган. Татынакай кыздын сулуулар сынагына катышуусу күтүлгөн эле нерсе болчу. “Түркия сулуусу” наамын алгандан кийин, 2012-жылы Ханде Азербайжанда өткөн “Дүйнө сулуусу” сынагына катышып, 2-орунду багынтат. Дал ушул сынакта фотограф, режиссёрлордун көзүнө түшкөн кыз чыгармачылыкка жетелеген сунуштарды алган.

ДҮЙНӨЛҮК ПОПУЛЯРДУУЛУК

2019-жылы Top Beauty World сайты колдонуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, дүйнөдөгү эң сулуу атактуу айымдардын тизмесин сунушташкан. Жыйынтыгында Селена Гомес, Тейлор Свифт, Софи Тёрнер сындуу популярдуу айымдарды басып өтүп, Ханде эң көп добушка ээ болгон эле. 2020-жылдын атактуу айымдарынын тизмесинде япон ырчысы, модель Мейса Куроки 10-орунга татыса, филиппин-америкалык актриса, модель Лиза Соберано 9, испан актрисасы Ана де Армас 8, “Blackpink” тобунун ырчысы Розэ 7, Голливуд актрисасы Эмилия Кларк 6, индиялык актриса, модель Приянка Чопра 5, ырчы Камила Кабелло 4, актриса, ырчы Селена Гомес 3, актриса Марго Робби 2-орунду алды. Ал эми түрк актрисасы Ханде Эрчел 1-орунга чыгып, Жер шарынын ар кайсы бурчунда жашаган интернет колдонуучуларынын добушу менен “Дүйнөнүн эң сулуу айымы” аталды.

СЫН + МАКТОО

Карьерасында мактоо менен сындоо теңме-тең жүрөт. Сулуулугу, келбети жагынан көпчүлүк учурда суктануу көз караштарын кабыл алган Хандеге “актриса катары чабал, драмалык ролдорду жакшы ойной албайт” деген сындар көп айтылат. Анын учурда теледе көрсөтүлүп жаткан “Менин эшигимди черт” романтикалык сериалындагы ролу үчүн мактагандар арбыды. Демек, ал актриса катары өсүп жатат десек болот.

СҮЙҮҮ СЕЗИМИН МЫКТЫ ЧАГЫЛДЫРАТ

Хандени карасаң, бакырайган көздөрүнө чөгүп кеткиң келет. Мырза эмес, кыз башым менен мен дагы анын көздөрүнүн сулуулугуна суктанам. Анан албетте, сериалдагы өнөктөшү да аны суктануу менен карайт, экрандан экөөнүн ортосундагы сүйүү чындыкка окшошот. Ханде кайсы актёр менен тартылбасын, экөөнү чыныгы жашоодо да кыз-жигит кылгандар көп. Андай сөздөрдүн арасынан актёр Экин Мерт Даймаз менен чынында эле кыз-жигит мамиледе болуп, бирок ал сүйүү 3 айга гана созулган. Ал эми актёр, музыкант Мурат Далкылыч менен сүйүү мамилеси 2 жылга созулуп, “быйыл жайда экөө баш кошот” деген имиш-имиштерге атактуулар тескери жооп узатып, эки жолго түшкөнүн жар салышты. Кайрадан бойдок статусун алган Хандени учурда “Менин эшигимди черт” сериалындагы өнөктөшү актёр Керем Бүрсинге жабыштыргандар көп. Ким билсин, балким, тасмадагы сүйүү реалдуулукка айланар.

“Бүгүн 5-октябрь. Эсимде, бир жыл мурун, ушул күнү тизеңе башымды коюп эркелеп жаткам. Сен болсо чачымды жумшак колдоруң менен сыладың эле. Кандай сулуу элең, апа... Менин жашоомдо бар болгонуң үчүн рахмат...”- деп күйүтүн жазды Ханде.

Эрчелдердин үй-бүлөсү 2019-жылдын башында жоготууга учурап, 48 жаштагы үйдүн кожойкеси Айлин Эрчел рак илдетинен улам каза болгон.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
narynbek2001
2020-12-14 11:29:59
Чынында сулуу айым экен. Негизи бизде дагы сулуу кыз келиндер коп. Бизде кыз келиндердин сулуулугуна болгон мамиле тетири. Эркектердин кобу молдолордон тарбия корушкон. Мечиттерде сулуу кыз келиндерге карата тетири идеялогия жургузуп турушат. Бизде соц тармактарда жакшынакай, жасанып алган сулуу кыз келиндер суйлоп койсо эле, дароо аны жамандап, тескери суйлоп, аны басынтып башташат. Муну кээ бир фейктер атайлап жасашат. Элдин тушунугун озгортуу керек.
-3
Nursul
2020-12-14 13:46:41
narynbek2001, Мечитке молдолорго сөз тийгизбей сүйлөчү. Сулуу кыздарга эч кандай тетири көз караш жок келбети жакшынакай анан төшүн көргөзүп энкейсе турсийи корунгондорго айтылган кеп ал жарым жыланачтын не сулуулугу бар денесинин жарымы эле ачык жүрсө айтасың да жакында жылаңачтанып чыкса да сулуу экен биз өзү сулууларды көрө албайсыз деп анда да молдолорго азыласынарбы
+9
meni_kut
2020-12-14 15:21:32
narynbek2001,кандай тема чыкпасын динди басынтып,кыпчып отосунор.Дин назик тема,абайлап жазсанар,озунор тийишип аласынар да,анан жаман соз угуп каласынар.Темага коммент жазсанар жон гана.
+8
States
2020-12-15 04:52:31
narynbek2001, Туптуура айтасын
-7
States
2020-12-15 04:52:43
narynbek2001, Туптуура айтасын
-5
Anara94
2020-12-14 13:38:40
Сулуу актриса
+7
assanov97
2020-12-18 12:43:40
Бакыран коз козуум
+1
assanov97
2020-12-18 12:43:53
Сулуу актриса
+3
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан