БИР БҮРКҮМ. ИНСПЕКТОР ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ...
Улуттук банк долларга карата сомдун курсун турукташтыруу үчүн 8-декабрда 10 миллион 300 миң долларды сатыкка чыгарды.
БШК президенттик шайлоого карата Москвада жана Тюменде кошумча шайлоо тилкелерин ачышы мүмкүн.
Уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Өзбек инвестициялык фонду түзүлөрү расмий маалымдалды.
8-декабрда Новосибирсктен “Ысык-Көл” аэропортуна 169 жүргүнчү менен алгачкы чартердик каттам учуп келди, каттам апта сайын шейшемби күндөрү аткарылат.
Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында миграция жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш түзүлдү.
Жогорку Сот Мамлекеттик тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңылоо боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды.
Ошто мамлекетке 13 миллион сом зыян келтирүүгө шектелип Эсеп палатасынын инспектору кармалды.
COVID-19 эпидемиясы боюнча штаб: “Өлкөдө бала бакчалардын иши азырынча жанданбайт”.
Төрөхан Жунусбеков “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалды.
Данир Иманалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары болуп дайындалды.
8-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 438 миллион метр куб суу бар.
Баткендин Исфана шаарындагы аэропортко Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды.
Пакистан Кыргыз өлкөсүнө баасы 18 миң долларды түзгөн гуманитардык жардам жөнөттү.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.