2021 - УЙ ЖЫЛЫНА МҮНӨЗДӨМӨ

Чыгыш гороскобу боюнча быйыл – «Ак металл Уй” жылы. 2021-жылдын 12-февралында (Кытайдын Жаңы жылы боюнча) башталат. Чыгыштагы Уй консерватизмдин, сарамжалдуулуктун жана адилеттүүлүктүн символу. Уй шашылбаган, бирок өтө өжөр жаныбар эмеспи, ошондуктан жаңырган жылы кандайдыр бир чечимдерди кабыл аларда шашылбастан, терең ойлонуп туруп бир бүтүмгө келүү оң дешет астрологдор. Башкача айтканда, “Жети өлчөп, бир кес” деген макалды унутпаганга аракет жасоо зарыл.

Уй жылында төрөлгөндөр чыдамкай, көп сүйлөбөгөн, элдин ишенимине ээ адамдар. Алар токтоо жана салмактуу келишет. Карапайымдыгынын артында акыл жана терең ой жүгүртө билүү жашынып жатат. Чыдамкай келишкендиктен турмуштун оош-кыйыштарын оңой эле көтөрүшөт. Сапарга чыгууну, турган жерин алмаштырууну талап кылган жумуштар аларга жакпайт. Үй-бүлө буларга эң маанилүү. Балдарын жанындай көрүп, алар менен сыймыктанып турушат.

Уй – үй жаныбары болгондуктан, Жаңы жылды өз үйүңүздө, жакындар менен тосконуңуз оң.

“БАГБАНЧЫЛЫК МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮГӨ ЫЛАЙЫКТУУ ЖЫЛ”

Уй жылын кантип тосуу керек? Дегеле кайсы тармакта ийгиликке жетсе болот, анын жол-жоболору тууралуу “INASTROS” эл аралык уюмунун мүчөсү, астролог Андрей Рязанцев айтып берди:

– Ошентип, сыноолордун жылы болгон жана масштабдуу өзгөрүүлөрдүн башталышы болгон 2020-жыл аяктап, 2021-жыл келе жатат, бул 2020-жылы пайда болгон процесстердин өнүгүшүн улантат. “Ак металл уй” Чычкандын ордуна шашылып жатат жана ал 2021-жылдын 11-февралында өзүнүн күчүнө кирет. Жыл бою өнүгүүнүн жаңы жолдорун, жаңы чечимдерди издеп аракет кылуу зарыл. Кирешеңиз төмөндөшү мүмкүн, бирок көңүл чөгүп, депрессияга түшпөстөн, көйгөйлөрдөн чыгууга мүмкүндүк берген оригиналдуу чечим кабыл алганыңыз жакшы.

Чыдамдуу болуу маанилүү. Анткени тез арада натыйжага жетүү кыйынга турат. Болгону акырындык менен алдыга жасаган кадамдар аркылуу сиз каалаган максатка жетүүгө болот. Бул жылы ден соолугуңузга, айрыкча буттарга көңүл буруңуз. Кан уюп калбаш үчүн чараларды көрүңүз. Ошондой эле көпчүлүктө кан басым төмөндөшү мүмкүн. Февраль айында ички туюмуңузду угуп, жаңы достук мамилелерди жана ишкердик союздарды түзүңүз. Билимге умтулуп, өзүңүздү өнүктүргөнүңүз дурус болот. Мунун бардыгы сизге оор шарттарда ыңгайлуу болууга жана абалдан чыгуунун жолун табууга жардам берет. Сентябрь жана октябрь айлары жайлуу мезгил. 2021-жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасалышы керек. Багбанчылык жана жашылча бакчасы менен алектенүү үчүн жер тилкеси бар үйдү, жайкы коттеджди же жер тилкесин сатып алуу сунушталат. Мунун бардыгы ушул жана кийинки жылдары пайдалуу болот.

УЙ ЖЫЛЫНДА ТӨРӨЛГӨН АТАКТУУЛАР

Наполеон Бонапарт, Адольф Гитлер, Уолт Дисней, Чарли Чаплин, Ханс Кристиан Андерсен, Иоган Себастьян Бах, Маргарет Тэтчер, Диана Ханбийке, Мерил Стрип, Рудьярд Киплинг, Эл Греко, Жейн Фонда, Винсент Ван Гог жана башкалар.

УЙ ЖЫЛЫНДА БУГА ЧЕЙИН БОЛУП ӨТКӨН ДҮЙНӨЛҮК ОКУЯЛАР

1901-жылы – Алгачкы «Нобель» сыйлыгы тапшырылган.

1925-жылы – Орус акыны Сергей Есенин көз жумган. Пекинде Британ-Кытай келишимине кол коюлган.

1937-жылы – СССРде саясий репрессиянын эң жогорку чеги болгон.

1949-жылы – Германия Федеративдик Республикасы түзүлгөн. НАТОнун түптөлүшү орун алган.

1961-жыл – Адамдын биринчи ирет космоско учушу.

1985-жылы – Windows иштөө тутумунун алгачкы версиясы чыгарылган.

1997-жылы – Легендарлуу Титаниктин чөгүшүн көрсөткөн “Титатик” фильми чыккан. Фильмге Жеймс Кэмерон режиссёрлук кылган.

2009-жылы – Түндүк Корея атомдук бомбасын сынап, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган. Барак Обама АКШнын тарыхында биринчи кара терилүү президент болуп шайланган.

УЙ ЖЫЛЫНЫН ТҮРЛӨРҮ

Кытайдын жылнаамасында негизги беш элемент бар. Алар: металл, суу, жыгач, от жана топурак. Байыркы кытайлардын ишениминде “беш кубулуш жер бетинде, асманда жана адамдын ички дүйнөсүндө теңдикти камсыз кылат” деп айтышат. Алардын ичинен быйылкы жылга “Металл ую” дал келет.

Металл ую: 1901, 1961, 2021-жылдар

Металл – бул катуулук жана тунуктук; ал бөлүнүп, кесилет. Бул жылдын алдында туулгандар таза жана катаал мүнөзгө ээ. Алар алдына койгон максатына жетүү үчүн кандай гана болбосун аракет кылышат жана колунан келбеген нерсени убада кылышпайт. Күчтүү эркке ээ жана өзүнө болгон ишеними абдан жогору. Алар өз көз караштарын билдирүүдөн коркпой, дайым түз көз карашта болушат.

Суу ую: 1913, 1973, 2033-жылдар

Кыраакы жана курч акылы бар. Бул жылдары туулгандардын кадамдары алдыга гана багытталат. Ар дайым өнөктөшүн уга алышат жана алар менен болгон маек куруу кызыктуу. Алар дайыма тең салмактуу келишет. Ошондуктан интригаларды жана бардык тоскоолдуктарды жеңип, көпчүлүктү жетектөөгө оңой жетишет. Суу уйлары кол өнөрчүлүктө чебер келип, жакшы соода кыла алышат.

Жыгач ую: 1925, 1985-жылдар

Жашоодо өздөрүн эркин сезишет. Бул адамдар ишинде көбүнчө бардык демилгени колуна алышкан. Адамдар менен болгон мамилелеринде ачык болушат. Айрыкча өтө катуу ачуулануудан абайлашы керек. Үй-бүлөлүк маселелерге берилгендик менен мамиле кылышып, дайым сүйүүгө толуп турушат.

От ую: 1937, 1997-жылдар

От ую ак ниет жана тырышчаак. Алар лидерликте талап кылынган ар кандай сапаттарга ээ жана көп учурда бийликке, акчага жана атак-даңкка жетишишет. Оттуу уйларды саясат кызыктырат. Көбүнчө алар жакын досторунун курчоосунда болушат жана жакындарына берилишет. Алардын мезгили – жай. Анткени От уй жылында туулгандар ысык аба ырайында өздөрүн ыңгайлуу сезишет.

Топурак ую: 1949, 2009-жылдар

Кайраттуу, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү. Топурак уюнун мүнөзү токтоо келип, ой жүгүрткөндү жакшы көрөт. Алар эсептөөнү жакшы билишет. Кээде өжөр жана кежир көрүнгөнү менен, чынчыл жана түз адамдар. Уйлардын бул түрү адамдарды жакшы баалап, алар менен болгон мамиледе туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү көрсөтөт.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан