Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун Instagram баракчасына жарыяланды.
Дүйнөнүн мыкты 16 балбан кызы катышкан бул добуш берүү UWW`нин Instagram баракчасында жүргүзүлдү.
Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткенине кубанганынан көзүнө жаш алганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Кыргыз өлкөсү жеңди. Ар бирибиз жеңдик бүгүн. Кыргыз элиме ыраазычылык айтам! Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң мертебе шүгүр! Эмне деп айтарымды билбей ыйлап жатам. Рахмат!”- деп жазды Тыныбекова.
Финалдык сурамжылоого жалпы 292 миң 896 адам катышып, анын 170 миң 989у Айсулуу Тыныбековага добуш берди.
Жумабай Акимов