ЖӨӨ КҮЛҮК МАРИЯ КОРОБИЦКАЯ ТОКИО ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына лицензия утуп алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда II эл аралык Ташкент марафону өтүп, кыргызстандык спортчу жеңүүчү аталды.

Ал 42 чакырым 195 метрлик классикалык аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундда өткөн. Олимпиадалык ченем – 2 саат 29 мүнөт 30 секунд.

Коробицкаядан сырткары аталган мелдештин эркектер арасындагы жарышына Илья Тяпкин катышып, экинчи орунду ээледи. Ал марага эки саат 16 мүнөт 6 секундда келген, бирок анын жолдомо алуусу үчүн болгону беш мүнөттөй убакыт жетпей калган (олимпиадалык ченем эркектер арасында – 2 саат 11 мүнөт 30 секунд).

Белгилей кетсек, буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов Токио Олимпиадасына лицензия алышкан болчу.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан