14-ДЕКАБРДАН 20-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Пландар ишке ашышы үчүн күмөн саноону жыйыштырып, активдүү аракетке өтүү керек. Соттук иштерди чечүүгө ийгиликтүү апта экенин айта кетели. Каржылык жаатта жакшы жылыштар күтөт. Жагымсыз жаңылыктан улам ийгиликтүү бараткан ишти бүлгүнгө учуратып алуу коркунучу бар. Достор үйүңүзгө баш багып, чер жазасыздар.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Материалдык абалыңыз туруксуз болот, тараза ташы каалаган жакка ооп кетиши мүмкүн. Мисалы, күтүлбөгөн чыгым чыгат же киреше кирет. Бирөөнүн сөзүнө кирип, жагымсыз абалда калбоого аракет кылыңыз. Достордун ишине кийлигишпеңиз, колдоо көрсөтүп, жардам сурагандарга кол сунуңуз. Үй тиричилик иштерин колго алыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жаңы идея менен иштесеңиз көбүрөөк каражат табасыз. Жамаатта чогуу бир иш-чараны ишке ашырууга киришесиздер. Бирөөнүн маселесин өз моюнуңузга артып албаңыз, чечкиндүү болуу сунушталат. Жылдыздар үй-бүлө мүчөлөрүнө майда-чүйдө кырсыктар болуп кетүү коркунучун эскертет. Туугандардан келген жаңылык таң калтырышы мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Колдоо көрсөтүүчү адамдардын арты менен маселеңизди чечип аласыз. Сүйүнүчтүү кабардан да куру калбайсыз. Көпчүлүк чогулган жерде ашыкча активдүү көрүнө бербеңиз. Алыс жолго чыгуу сунушталбайт, анткени кыйынчылык менен коштолуусу мүмкүн. Шашылыш иштер менен жүргөндө кокустан жаракат алуудан сак болуу кажет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Терс энергия, эмоциялардан кутулбасаңыз, ишиңиздин алга жүрүшү кыйын. Жаңы жыл жагымдуу башталышы үчүн карыздардан кутулуу оң. Коомдук мекеме, бийлик органдарына кайрылууга ылайыктуу кез. Жеке жашооңузга келсек, жаңы каталарга жол бербеңиз. Келчү коноктордун бир маселеден улам келбей калуусу ыктымал.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Коммерциялык иштерде ийгилик жаралат. Жумуштагы маселелер камырдан кыл сууругандай оңой чечилет. Жаңы адамдар менен таанышып, жаңы маалыматтарды аласыз. Чөнтөгүңүзгө сиз ойлогондон азыраак акча түшүшү мүмкүн. Апта аягы эсте калчу жагымдуу кездешүүнү тартуулайт. Романтикадан да куру болбойсуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Чөйрөдөгүлөрдүн арасынан куулук кылып бир нерсе өндүрүүгө аракет кылгандар чыгат, абайлаңыз. Кандай маселени чечүүгө киришсеңиз да үйдөгүлөр колдоо көрсөтөт. Сүйүктүүңүз кызганычтан улам чатак чыгаруусу мүмкүн. Эмне сатып алсаңыз да ойдогудай болот. Балдарга байланыштуу маселени чечүү үчүн убаракерчилик тартасыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жеке жашоодо өзгөрүүлөр болот. Туруктуу эмес мамилелер үзүлөт. Жакыныңыз бир маселе боюнча кайрылып, кеңеш сурашы мүмкүн. Кеңешүүнүн арты менен оор кырдаалдан чыгууга болот. Кызматтык жолугушууларды, сапарга чыгууну артка жылдыра туруу керек. Алыстан келген кабар ойго түртөт. Бирөөнүн жакшылыгын белгилөөгө барасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

"Эркиндикти каалайм, өз билгенимди кылам" дегендер өкүнүчкө кабыларын эске тутуулары зарыл. Жакындарыңызга болгон таарынычты унутуу керек болот. Тааныштардын ичинен сизге кызыгуусу арткан адамды байкайсыз. Капыстан белектүү болушуңуз күтүлүүдө. Туугандар менен бир дасторкондо отуруп баарлашууңуз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Максаттардын ичинен башкысын тандап, принциптерди коргоп, чуркап иштөөчү апта. Базардан олжолуу кайтасыз. Ностальгиялык маанай ээлеп, эски достор менен жолугушууңуз ыктымал. Көргөн түшүңүздү жакшы жакка жоруп, аны эч кимге айтпаңыз. Негизинен өзүңүз менен өзүңүз калып, алдыдагы пландарды бышырууга ылайыктуу апта.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Ачык душманыңыз жок болгону менен, бейтааныштардын агрессиясына кабылууңуз мүмкүн. Кайда болбосун өтө активдүү адамдардан алыс болгонуңуз жакшы. Үй-бүлөлүк маселелерди чогуу-чаран чечкениңиздер оң. Кирешеден чыгашаны көп болтурбоого тырышыңыз. Айрымдар сыйлыкка илинишет, мартабасы көтөрүлөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Дүйнө өзгөрүүдө, сиз да заман талабына ылайык өзгөрүлө баштооңуз керек. Саясий ишмерлердин аброю таразага коюлат. Бирөөлөрдүн идеясын уурдап алып сөзгө калбаңыз. Туугандардын өтүнүчүн аткарууга бел байлайсыз. Сүйүнүчтүү кабарды үйдөгүлөр менен чогуу белгилейсиз. Сый тамакка чакыруу алышыңыз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан