Кыш быйыл укмуштай кооз болуп турат, сүйүшкөндөр «Вальс, вальс, вальс» деп эле ырдачудай. Нурлан Насип классика болгон «Кар вальсын» сонун ырдап чыкты. Ошондой эле жашоосунда чоң жаңылыгы бар экен. Жубайы Аселдин ден соолугу, эжеси Элзаданын турмушка чыкканы, ширин кызынын жоруктары тууралуу ырчы менен маек курдук. Баам салыңыз.
– Нурлан, салам! Акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең?
– Саламатсызбы? Жаңылыктарым көп. Жаңы жылды утурлай жаңы иш баштаганы турам. Өзүмдү бизнес тармагында да сынап көрөйүн деп чечтим. Журналисттер билип калып маектерге чакырып жатышкан. Биринчи жолу сиздердин гезит аркылуу жакшы жаңылыгым менен бөлүшкөнү турам. Ресторан бизнеси менен алек болом. Кыялданып жүргөн ишим болчу. Буюрса, баарыңарды конокко чакырам (күлүп).
– Максаттарың орундалсын. Чыгармачылык аксап калбайбы?
– Жок, чыгармачылыгым менен биргеликте алып кетем. Кичинемден «ким болосуң?» деп сураганда, «ырчы анан бизнесмен» дечү элем. Биринчи максатымды орундаттым, эми экинчисине өтөйүн деп жатам.
– Классика болуп калган «Кар вальсын» жакында жаңылап ырдап чыктың, мага жакты.
– Өзүм жазган чыгармаларды, эски ырларды элге тартуулап келем. Тойдо бул ырды ырдасам улуу муундагы коноктордун жүздөрүндө жылмаюу пайда болот. Кичине кезимде бул ырды сүйүп укчумун. Былтыр жаңылап жаздыргам, үстүнөн бир жылдай иштедим. Көңүлүмө толгондо гана тартууладым. Ушундай классиканы жаратканы үчүн ырдын авторлоруна таазим этем. Биз да классикага айланчу чыгармаларды жаратышыбыз керек. Бул жылы пандемия жана өзүңөр билген кырсык болуп, он чакты ырым чогулуп калды, ошолорду жаздырып, 2021-жылы альбом чыгарсам деп ойлонуп жатам.
– Жакшы жаңылыктарыңды бирден айтып берип жатасың. Эжең Элзада да жакында турмушка чыкты...
– Бир тууганың бактылуу болсо сенин да бактың экен. Эжемдин биринчи жолдошу каза болгонуна көп жыл өттү. Канчалык колдоо көрсөтсөң да жалгыздыгына даба боло албайт экенбиз. Өзүнүн түгөйүн тапты, экөө бактылуу болуп жетелешип, эркелешип жүргөнүн көрүп биз бактылуубуз. Жездебиз жакты. Чыгармачылыкта эми жолдошу менен кеңешип иш кылат, улантам деп чечсе уланта берет. Негизи 5 бир тууганбыз, бирөө эле ырдабайт. Чогулганда бири комуз чертсе, бири гитара, бири ямаха ойноп өзүнчө эле оркестр болуп кетебиз (күлүп). Мен Мураталы Күрөңкеев атындагы консерваторияда окусам, карындашым Чолпонай Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окучу. Музыкалык билим алуу оңой эмес, акча менен бүтүрүп койсоң кийин өзүңө жаман. Карындашым эрке болчу, аны ташып жүрүп мен да кыйналып кеттим. Каникулда үйгө барганда «мен эле ырчы болоюн, кыз киши чыгармачылыкта жүргөнү татаал болот» деген оюмду айтсам, макул болушту. Карындашым чоңойгондо кызыгуусу башка жакка ооп кетти, бирок жакшы ырдайт.
– Дария кандай чоңоюп жатат?
– Жакшы, буюрса, чоңоюп жатабыз. Кызыбыз аябай эрке. Катуураак кармаш керек экенин сезип турасың, бирок боло албай жатабыз (күлүп). Эшикти ачканда эле «папа» деп чуркап келет, сөзсүз мени менен ойноп алып, анан уктайт. Мурун апасына жакын эле, акыркы учурда мага жакын болуп келе жатат. Үйдөн чыкканы жатсам бутумду кучактап алып коё бергиси келбейт. Бир жакта жүрсөм үйгө шашып келем, кызым уктай электе барып бир аз ойноп алайын деп (күлүп).
– Жеке баракчаңа ММКлардын жоруктарына жиниң келип пост жаздың. Аларды сотко берем деп жаттың эле, иштин аягы эмне болду?
– «Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт» деген чын экен. Асел экөөбүз тууралуу эмнелерди гана жазышкан жок. Унчукпай өтүп кетчүмүн, бирок ата-энем тууралуу жазганда чыдабай калдым. Эртең менен турсам эле атам көрсөтүп калды. Айылдагылар «Аселди кайын атасы үйдөн кууп чыктыбы?» деген тема коюлган жаңылыкты жөнөтүшүптүр. «Ушул кимдин оюна келди?» деп дале таң калам. Алар жөн эле айтып жаткан нерсе биздин жашообуз да. Тазалап коюшуптур, сотко берген жокмун. Эми ушундай жалган маалымат дагы чыкса сөзсүз жазасын алат. Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөр бар, үй-бүлөдө тынчтык болушу керек, коргошубуз зарыл. Биздин да тынч жашаганга укугубуз бар.
– 2020-жыл жалпыга, арасында сен үчүн оор жыл болду окшойт?
– Ооба, дүйнө элине, айрыкча кыргыз элине андан да оор болду. Канча адамдарды пандемияда жоготуп алдык. Арасында мен-мен деген залкарларыбыз да кетип калды. Ошол учурда жубайым Асел кырсыкка кабылды. Ишенсеңиз, эмне болуп күн өтүп жатканын билбей калдым. Кызыбыз кичинекей болчу, ошонун бактысына аман калды. Аварияны көргөндөн кийин эле колу-буту бырчаланып калбаса экен деп ойлогом. Шүгүр, элдин дубасы батасы менен жакшы болуп кетти. Кайсы жерге барып ырдабайын эл жолугуп, биринчи эле Аселдин ден соолугун сурашат. Ырдап жатсам кулагыма шыбырап кетишет. Асел элдин кызы болуп калыптыр. Ушунча жылдан берки эмгеги бекер кетпептир, элдин дубасы менен басып кетти. Азыр жакшы. Сабырдуулук менен баарын өткөрүп жатабыз. Жаңы жылдан кийин да чет жакка алып барып, ден соолугун текшертип келебиз. Өзү маек берчү күн да алыс эмес.
– Бул сыноо сени, Аселди өзгөрттүбү?
– Адам баласы негизи унутчаак болот турбайбызбы. Күнүмдүк тиричиликке аралашып кетет экенбиз. Чыгармачылык өзүнчө бир адреналин, артынан кете бересиң. Ошол убактарда токтоп, шүгүр кылганды үйрөндүм. Жакындарыма жакшы көңүл бөлүп калдым. Асел кантип өзгөргөнүн маек бергенде өзү айтсын.
– Асел «чыгармачылыгымды мындан ары токтотуп коюшум да мүмкүн» деген таризде пост жазды...
– Ал бул чечимди өзү кабыл алат, кандай чечсе да аны колдойм. Үйдөн «Асел азыр пил учат десе, пил учат» деп тамашалап калам (күлүп). Баарыбыз анын көңүлү менен болуп жатабыз. Чыгармачылыкты токтотуп коюш оңой эмес, бул жан дүйнөнүн талабы болуп калат. Бирок ден соолугун чыңдоо биринчи маселебиз.
– Маегиңе рахмат, Аселдин ден соолугу жакшыра берсин!
Нуржамал Жийдебаева