КЫРГЫЗ ПАСПОРТУНА “УЛУТУ” ДЕГЕН ГРАФА КАЙТТЫ

Кыргыз Республикасынын жарандарынын ички паспорту – ID-картага “улуту” деген графа киргизилди. Мындай чечим Конституциялык палатанын чечимин ишке ашыруу үчүн кабыл алынып, тийиштүү токтомго премьер-министрдин биринчи орун басары Артём Новиков кол койду.

– Конституциялык палата паспортко “этностук таандык” графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген чечим Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген. Өкмөттүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат,- деп айтылат өкмөттүн 15-декабрдагы маалыматында.

Эскерте кетсек, жаңы үлгүдөгү ID-картадан “улуту” деген графа 2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматын Тайырбек Сарпашев жетектеп турганда алынган. Муну аталган мекеме “жарандык биримдикти бекемдейт” деп түшүндүргөн. Ал эми көпчүлүк адамдын өздүгүн аныктаган документке улутун жазбай коюу кыргыздын келечегине коркунуч келтирет деп ал кездеги өкмөттү сынга алып, каршы чыгышкан.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан