15-декабрда Бишкекте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жыйыны өттү.
Кыргыз тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сүйлөшүү жүргүзсө, Өзбек делегациясын Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси (премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов жетектейт.
– Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессин тез арада аяктоого кам көрүшүбүз керек. Ошондой эле 2017-жылы кол коюлган келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштообуз зарыл,- деди Ташиев.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо боюнча кеңири пикир алмашуу жүрүп, анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мамлекеттик чек ара кызматы жакында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилген.
Жумабай Акимов