ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДА АБАЛ ЖАКШЫ ЭМЕС, СВЕТ ӨЧҮШҮ МҮМКҮН

Өлкөдө электр энергиясын пайдалануунун көбөйүшү менен көмөкчордондорго абдан күч келүүдө. Мындай маалыматты 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров билдирди. Чиновник мындан улам электр энергиясынын автоматтык өчүшү мүмкүн экенин эскертти.

– Токтогул суу сактагычында 13 миллиард метр куб суу бар. Кечээ электр жарыгын пайдалануу 67 миллион киловатт-саатты түздү. Күн сайын бул көрсөткүч 7-10 киловатт-саатка өсүүдө. Көмөкчордондорго абдан күч келүүдө, автоматтык өчүүлөр болуп калышы мүмкүн,- деди Сабиров.

Парламентте Бишкекти каптаган ыштан арылуу боюнча депутаттар берген тапшырманы өкмөттүн кандай аткарганы талкууланууда. Көпчүлүк депутаттар "өкмөт парламенттин токтомун аткарган жок, борбор шаарды ыш каптоо былтыркыдай эле бойдон калып жатат" деген сындарды айтышты.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан