БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ 670 МИҢ ПЕНСИОНЕР БАР...

  • Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоодо коомдук тартипти 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт.
  • Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Бакир Таиров кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
  • Бишкекте милиция кызматкерлери ичинде 3500 доллар акчасы бар капчык таап алып, аны ээсине кайтарып беришти.
  • Айыл чарба министрлиги: “Өлкөдө Сүт палатасы түзүлөт”.
  • Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм бала кокустан өзүн атып алып, ооруканада каза болду.
  • “Кыргыз темир жолу” ишканасынын түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы коррупцияга шектелип кармалды.
  • 14-декабрда Жалал-Абад облусунун түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду.
  • Өлкөдө акыркы 10 жылда пенсионерлердин саны 140 миңге өсүп, учурда 670 миңди түзүүдө.
  • 16-декабрга карата Аксыдагы 65 орто мектептин 32си кадимки режимде иштеп жатканын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу билдирди.
  • Президенттик шайлоого даярданууга жана аны өткөрүүгө 78 эл аралык байкоочу көз саларын БШК маалымдады.
  • 16-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 44 миллион метр куб суу бар.
  • Бишкекте 15-декабрда Ак-Жар конушунун жашоочулары электр жарыгынын күн сайын өчүрүлүп жатканынан улам митингге чыгып, жол тосууга чейин барышты.
  • Тайырбек Сарпашев: “Туугандарым 1000 чарчы метр болгон имаратты мамлекетке өткөрүп берет”.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан