Азимбек Бекназаров, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси: “КЫРГЫЗ ЭЛИ ПРЕЗИДЕНТТИК ДА, ПАРЛАМЕНТТИК ДА БАШКАРУУНУ КӨРӨ ЭЛЕК”

Өлкө тарыхый мезгилди баштан кечирүүдө. Белгилүү саясатчы, 2005-2010-жылдардагы элдик революциялардын башкы каарманы, учурда Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен маектештик.

– Азимбек Анаркулович, эгемендүү Кыргызстандын орчундуу тарыхый окуялары көз алдыңызда, атүгүл сиздин түздөн-түз катышууңуз менен өттү. Өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалга тажрыйбалуу саясатчы катары сиздин көз карашыңыз кандай?

– Бүгүнкү кырдаал тарыхый мүнөзгө ээ болуп баратат. Күтүлбөгөн жерден мамлекеттик бийлик түп тамырынан күтүлбөгөн саясий күчтөргө легитимдүү, тынч жол менен өттү. Ал жаңы бийлик мурдагы бийликтер кылбай келген жаңы жол менен чоң реформаларга баратат. Айрым саясатчылар аны колдобой, каршы болгонуна карабай көпчүлүк элибиз муну колдоп турат, ушундай тынчтык жол менен, көз караштардын кармашында алдыга жыла беришибиз керек.

– Коомчулукта парламенттик башкаруу формасы үмүттү актабады деген маанай бар. Ушул эле эл президенттик башкаруунун да азабын тарткан. Кеп системде эмес, бийлик башына келген адамдын жеке абийиринде окшойт го?

– Чындыгында кыргыз эли 30 жыл ичинде парламенттик башкарууну да, президенттик башкарууну да көргөн жок. Алардын айрым теориялык принциптери карама-каршы түрдө ар кайсы Конституцияларга киргени менен, иш жүзүндө Акаевдин заманында авторитаризмдин үй-бүлөлүк башкаруу түрүндө, Бакиевдин доорунда үй-бүлөлүк-кландык түрүндө, Атамбаевдин, Жээнбековдун доорунда менчик партиялардын мафиялык башкаруусунда жашады. Жогорку Кеңештин депутаттарын коррупциялык жол менен түзүлгөн жабык тизме менен шайлатып койсо эле парламенттик өлкөбүз дегендер терең жаңылышат. 13 жыл унчукпай, азыр “парламенттик системден кетсек Түркмөнстан болобуз” дегендер ачык айтсынчы, алар качан Бакиев, Атамбаев, Жээнбековго каршы турушту эле? Өкмөт башчысын президенттер эле аныктап, өкмөттү ошолор эле башкарып жүрүшпөдүбү?! Анда эмне үчүн үнү чыккан жок, атүгүл азыр өзүн башкы парламентчи кылып көрсөтүп жаткан бир азамат убагында президент Атамбаевге бийлигин күчөтүп берген мыйзамдарды жазып бергенин мактанып айтканы бар. Мен ошондо ага “мамлекеттик бийликти Конституцияга каршы келген мыйзам жазып президентке бергидей ал сенин чөнтөгүңдөгү буюмбу?” деп айткам. 2010-жылы өзү оорукчан төрөлгөн парламентаризмди туулары менен оңдоп-дарылоонун ордуна аны “эч ким өзгөртө албайт” деп отуруп жок кылгандар бүгүн “парламенттик систем өлдү” деп өздөрү өкүрүп жатышат. Азапты алар тарткан жок, жалпы эл тартып жатат.

– Конституцияны өзгөртүү аракети коомчулук тарабынан сынга кабылды. Документтин долбоорунан улам жаралган суроо, чочулоого негиз барбы?

– Конституцияны тар, белгисиз чөйрөдө даярдап, анан депутаттарга кол койдуруу мурдагы президенттердин жоругу деп биринчилерден болуп мен да каршы чыктым. Бул менин 20 жылдан берки айныгыс позициям. Бирок айрым саясатчылар Акаев, Бакиев, атүгүл айрымдары 2016-жылы ушундай жол менен Атамбаев Конституцияны өзгөрткөндө үн чыгармак тургай колдоп, автор болушкан. Айрымдары 1993-жылкы Конституцияны Акаев кайра-кайра өзүнүн тар чөйрөсү менен өзгөртүп жатканда ар дайым Конституциялык кеңешменин мүчөсү болуп жүрүп, 2003-жылы мындай эмгеги үчүн “Эмгек сиңирген юрист” наамын алышкан. Эми ошолордун кыйкырганын көрүп туруп, аргасыз “кыргызчылык” деп коём. Албетте, чочулоо болду, бирок демилгечилер мындай жол туура эместигин өз убагында түшүнүштү. Баш тартышты. Мындай жолго түрткөндөр баягы эле ар замандын Арзыматтары да.

– Сөзсүз эле реформага барыш керекпи? 10 жылдык тажрыйба көрсөткөн кемчиликтерди Баш мыйзамды өзгөртпөй туруп жоюуга болбойбу?

– Болбойт. Анткени 2010-жылкы Конституция, бир жагынан шашылыш жазылып, экинчи жагынан бейөкмөт уюмдардын кызыкчылыгы ашкере киргизилип, үчүнчүдөн, “Ак Жолдун” ордун мелжеген партия ээсинин кызыкчылыгы каралып, баш аламан, карама-каршы, мамлекеттик тилдеги тексттер менен расмий тилдеги тексттер эки башка түшүнүк берип, башынан “оорулуу” төрөлгөн. Аны биз, Убактылуу өкмөт референдумга чыгып кеткенден кийин да эки жолу оңдогонбуз. 2016-жылы 3-жолу оңдолду, ага карабай азыр деле кемчиликтери абдан көп. Мисалы, Конституциянын 2-беренесинин 4-пунктунда Жогорку Кеңештин депутаттары, президент сыяктуу эле шайлоочулар тарабынан түз, тике шайланары жазылса, 70-беренеде ага карама-каршы пропорциялуу систем менен шайланары жазылган. Ал эми Шайлоо кодексинде болсо жабык түрдөгү партиялык тизменин ар бир мынчасы аял, мынчасы башка улуттун өкүлү болсун деп, депутаттардын да, Жогорку Кеңештин да табиятын бузуп, ал эл өкүлчүлүктүү орган эмес, партиялардын өкүлчүлүктүү органына айланып калган. Шайлануучу адамдын мынчасы аял, мынчасы, тигил же бул улуттан болсун деп бекитүүнүн өзү түркөйлүк! Кимди шайлайт, аялдыбы, орустубу же кыргыздыбы, байдыбы, бечараныбы, бул шайлоочунун эгемен укугу, аны эч кимдин бузууга укугу жок. Экинчи мисал, Конституциянын 4-беренесинин 4-пунктунда партиялык, муниципалдык жана мамлекеттик институттардын кошулушуна тыюу салынат да, 84-берене менен Жогорку Кеңештеги партиялар өкмөттү кантип бөлүп алары бекитилип, ал эми коалициялык келишим менен бүтүндөй аткаруу бийлигин бөлүп алышат. Ал эми 95-беренеге ылайык, судьяларды тандоо кеңешинин үчтөн бири парламенттеги партияларга таандык болсо, БШКны, Эсептөө палатасын бөлүп алуу да Конституцияда бекитилип калган. Буларды башка мыйзам менен оңдосо, Конституцияга каршы болуп, талаш жарала берет. Эң башкысы, азыркы Конституция кыргыз элинин менталитетине ылайык эмес, батыштын кайсы бир бейөкмөт уюмунун уставына окшош.

– Бишкекте “парламенттин 6-чакырылышы токтоосуз тарашы керек” деген талаптар айтылып жатат. Депутаттар жаңы шайланган эл өкүлдөрү келгиче ишин улантышы керекпи?

– Конституцияда сиз айткандай ченем бар. “Токтоосуз тарашы керек” дегендер, албетте, туура айтышат. Анткени ушул депутаттардын башка кемчиликтерин айтпаганда да, үч президенттин «чсы» болуп иш аткарып келгени көрүнүп эле турбайбы? Атамбаевди кандай сатса, Жээнбековду деле ошондой жепжеңил сатып кетишти, коргой албады, аргасы түгөнгөн Жээнбеков өзү кетүүгө аргасыз болсо, булар өлкөдө эч нерсе болбогондой отурушат.

– Парламенттин кезектеги чакырылышы кандай системде шайланып келгени туура болот? Бир мандаттуу округдардан шайлоого кайтуунун зарылдыгы барбы?

– Конституциянын 2-беренесине ылайык, можаритардык систем менен түз шайланышы керек. Парламент эл өкүлчүлүктүү орган. Азыр болсо ким депутат болорун партия ээлери аныктап жатат. Партия ээси тизмеге акчасына жараша киргизип, 5 жыл бою улам бирин кетирип, кийинкисин алып келип, өз бизнесин кылып келишти. Ушуну көрүп, билип туруп анан депутатты кантип эл өкүлү дейбиз? Элдин өзүнө өз депутатын түз тандоо укугун кайтарып берүү зарыл. Мындай чечим, албетте, азыркы депутаттардын 80 пайызына жакпайт, себеби алар элдин тандоосунан өтө албашын билишет.

– Коомчулукта кызуу талкуу жараткан окуялардын бири болууда, Райымбек Матраимовдун АКШ тарабынан “кара тизмеге” киргизилиши боюнча кандай пикирдесиз?

– Муну укканда аргасыз күлүп гана койдум. АКШ Орусиянын дээрлик бардык чиновниктерин, байларын өздөрүнүн “кара тизмесине” киргизген. Бизде эмне, Матраимовдон башка коррупционер жокпу?! Жок дегенде Матраимов менен иштешкен бир экс-президентти, бир өкмөт башчысын, эч болбоду дегенде Максим Бакиевди же Матраимовдун шефи Кулматовду же Атамбаевдин шоопурун кошуп койбойбу?! Эл аралык укук боюнча АКШнын бул кадамы суверендүү Кыргызстандын ички ишине кийлигишкендик болот. Себеби Матраимов тергөөдөгү адам, анын үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Алардын бул жоругу тергөөгө басым көрсөткөндүк болот. Албетте, АКШ аны жөн жасаган жок, бул кадамы менен Матраимовдун артынан түшүүнүн аркасында ким турганын далилдеп алышты.

– Өлкөдө экс-президент деген статусту жоюп салууну сунуштадыңыз. Бул сунуштун маңызы эмнеде?

– Анын моралдык, саясий себеби көп. Биринчиси – президенттерибиздин дээрлик баары кыйратып иштешкен жок, ошон үчүн элдин каарында калышты. Экинчиден – Баш мыйзамга ылайык, анын кол тийбестиги, мамлекеттин эсебинен жашашы, коргоого алынышы, кеңсе, жан сакчы, жардамчы, катчы, айдоочу жана башкалар каралат. Эмне үчүн? Кайсы эмгектери үчүн? Үчүнчүдөн – ансыз деле мурдагы президенттер качып кеткенине, камалганына, соттолгонуна карабай экс-президент деп аталат, ал эми алар болсо ошол конституциялык статуска таянышып, өздөрүнүн чыккынчылык кылмыштарын жашырып, саясий куугунтуктагы адам катары чет өлкөлөрдө интервью берип, жалпы кыргызга, Кыргызстанга шек келтирип койгон учурлар болууда. Ошондой эле кайсы бир мамлекеттик мааракелерде кайнаса каны кошулбаган, бири-бири менен сүйлөшпөгөн президент менен экс-президенттердин протокол үчүн эле ээрчишип алганы элдин кыжырын келтирет. Жасалмалуулуктан кетишибиз керек. Сунушумдун маңызы ушундай жосунсуз жоруктарды конституциялык деңгээлде салтка айлантпоодо турат.

– Кыргыз элине каалоо-тилегиңиз?

– Кыргыз эли мамлекеттик башкаруу системин аныктоо укугуна ээ болуп турат. Мындай тарыхый жоопкерчиликти, өзүңдүн турмушуң, келечегиң, кийинки муундар үчүн, жан дүйнөң менен кеңешип көтөрө бил жана бир чечимге кел демекчимин.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан