– Пандемия шартында төрөтканага ашыкча адамдарды киргизбей жатканына байланыштуу төрөткө катыша алган жокмун. Эне-баланын абалы жакшы. Уулубуз 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлүп, бою 52 сантиметр болду.
Азыр балабызга ысым тандап жатабыз,- дейт ал.
Бакыт Осмонканов 2013-жылы сүйүктүүсү Жылдызга баш кошкон. Түгөйлөр бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.