КҮРӨШ БОЮНЧА ДҮЙНӨ КУБОГУ: НАМЫСКА ЖАРАГАН БАЛБАНДАР

12-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө кубогу старт алды. Бул мелдеште кыргыз балбандары да ийгилик жаратууда. Жоламан Шаршенбеков жолдуу болуп, алгачкы алтынды капчыкка салып берди. Аны улай сыймыгыбыз болгон Айсулуу Тыныбекова жеңиши менен кыргыз элин кубантты.

ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ: 1 АЛТЫН, 2 КОЛО

Ири мелдештердин бири болгон Дүйнө кубогуна грек-рим күрөшү боюнча 9 балбаныбыз катышып, мелдештин биринчи күнүндө 5 балбан килем үстүнө чыкты. Балбай Дордоков (55 килограмм) удаасы менен 2 атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалда орусиялык балбанга утулуп калды.

Халмурат Ибрагимов (67 килограмм) франциялык жана индиялык балбандарды жеңип, жарым финалда утулуп калды. Алгачкы беттешинде жеңишке жетишкен Акжол Махмудов (77 килограмм) кийинки атаандашы болгон жергиликтүү балбанга жеңилип берди. Сербиялык балбан жарым финалда жеңилгендигине байланыштуу, тилекке каршы, Махмудов турнирдеги беттешин токтотту. Ал эми Атабек Азисбеков алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып калды.

Ал эми Руслан Царев (72 килограмм) 8/1 финалда венгриялык балбанга жеңилди. Венгер балбаны финалга чыкканына байланыштуу мелдештин 3-күнүндө Царев коло байге үчүн килем үстүнө чыкты. Ал болгариялык балбанды 3:1 эсебинде жеңип, алгачкы медалды капчыкка салууга жетишти. Балбай Дордоков менен Халмурат Ибрагимов өз салмактарында коло медаль үчүн күрөшүп, жеңилип калышты.

Мелдешке 97 килограмм салмак ченинде чыккан Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн болгон күрөштө мөрөйдү алдырып, 5-орунга татыды.

Удаасынан 2 беттешинде тең жеңишке жеткен Калы Сулайманов (63 килограмм), жарым финалда атаандашына утулуп калды. 3-орун үчүн болгон беттеште 7:5 эсебинде жеңишке жетишип, коло медаль тагынды.

ЖОЛАМАН ЧЕМПИОН!

Акыркы мүнөттөрдө мөрөйдү жеңди14-декабрь, мелдештин 3-күнү. 60 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков жолдуу болуп, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Өзүнүн майтарылбас күжүрмөндүгү, эрки менен өзүнөн бир топ улуу атаандаштарын жер каратып, ишенимдүү түрдө финалды көздөй бет алды. Турнирдин жарым финалында түркиялык Ахмет Уйар менен кез келип, аны 5:1 эсебинде жеңип алды. Жаш балбан финалдык беттеште орусиялык Степан Марянян менен кармашып, биринчи бөлүктө 4:0 эсебинде утулуп жаткан. Экинчи бөлүктө болгон күчүн жумшап, акыркы жасаган натыйжалуу аракети менен төрт упай ала алды. Беттеш 4:4 эсебинде аяктады. Акыркы жасаган активдүү аракети үчүн мөрөйдү илип кетти.

Беттештен кийин Жоламанга жеңиши менен куттуктап байланыштык:

– Жеңиштен кийинки сезимдеримди сөз менен айтып бере албайм. Сүйүнүчүмдө чек жок. Ата-энем, агайларым, элим мени колдоп-сүрөгөнүнө аябай кубандым. Жалпы кыргыз элине терең таазим этем. Ар бириңиздерге ыраазычылыгымды билдирип, чоң рахматымды айткым келет. Бул жеңишке жетиш оңойго турган жок. Бул үчүн биз көптөгөн эмгектерди кылдык, дагы да кыла беребиз. Атаандашым мыкты балбандардын бири болчу. Беттештин биринчи бөлүгүндө 4:0гө утулуп жатканда ылдамдай баштадым. Атаандашымдын чарчаганы сезилди. Ошол учурда мен ого бетер күч алып, аракет жасап упай алдым. Өзүмө өзүм “аз калды, аягына чейин чыдап кой” деп жаттым. Ошентип мүнөттөр аяктап, чемпион болдум. Алдыдагы максатым – Олимпиадага жолдомо алуу жана жеңишке жетүү.

КЫЗ-КЕЛИНДЕР КҮРӨШҮ: ТЫНЫБЕКОВАНЫН ЧАҢЫНДА КАЛГАН АТААНДАШТАР

15-декабрда кезек кыз-келиндер күрөшүнө келип жетти. Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан Айпери Медет кызы (76 килограмм) алгачкы жүрүшүн чейрек финалдан баштап, болгариялык атаандашын 5:3 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты. Жарым финалда Дүйнө чемпиону менен кез келип, жеңилүү ызасын тартып калды. Эми ал коло медаль үчүн беттешет. Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) да жүрүшүн чейрек финалдан илгерилетип, каршылаштарын четтен утуп финалга жете келди.

Кыргыз кыз-келиндер күрөшүнүн дараметин дүйнөгө көргөзгөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) Дүйнө кубогу мелдешин утуп, дагы бир ирет тарыхка атын жазды. Жарым финалда орусиялык атаандашы Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңсе, ага чейин түркиялык жана румыниялык балбандарды таза жеңиш менен утту. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште Европанын 4 жолку чемпиону латвиялык Анастасия Григорьеванын айласын алты кетирди. Беттештин 3-мүнөтү болду дегиче атаандашын так көтөрүп далысы менен килемге чаап, кармашты жыйынтыктап салды. Эсеп 14:0. Айсулуу чемпион!

ЭРКИН КҮРӨШ БАЛБАНДАРЫ ДА АЛТЫНГА ИЛИНЕБИ?

Алдыда башкы машыктыруучу Руслан Мажинов баштаган 6 балбан килем үстүнө чыгат. Курамга Улукбек Жолдошбеков, Арсалан Будажапов, Бекболот Мырзаназар уулу, Эрназар Акматалиев, Ислам Орозбеков, Саякбай Усупов жана Айаал Лазарев кирген. Мелдеш 18-декабрда аяктайт. Бул балбандарыбызга да ишеничибиз чоң!

Жумабай Акимов

 Кыстарылган видео 
Күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда Кыргыз курамасы медалдык эсепте 32 команданын ичинен 2-орунга жайгашты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MIRBOLOT
2020-12-24 09:40:12
Кыргыз балбандарына мактагандан башка сөз жок! Аман-эсен болгула, Олимпиада чемпиону болгула!
0
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан