UFC: МУШКЕР РАФАЭЛЬ ФИЗИЕВ УКМУШТУУ НОКАУТУ ҮЧҮН 50 МИҢ ДОЛЛАР АЛДЫ

13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC 256" турнири өттү. Турнирге кыргызстандык мушкер, "Атаман" каймана аты менен таанымал Рафаэль Физиев бразилиялык мушкер Ренато Мойкано менен кез келди.

Беттеш кызуу жүрүп, кыргыз мушкери атаандашын биринчи эле раундда нокаут менен утуп алды. Физиевдин бул соккусу “UFC 256” турниринин көркүн ачканы үчүн ага бонус иретинде 50 миң доллар төлөндү. Мындан тышкары ал мелдешке катышкандыгы үчүн 94 миң доллар алды.

Бул Физиевдин UFC уюмундагы төрт беттешиндеги удаасы менен үчүнчү жеңиши болду. Бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан