"Барселонанын” аргентиналык лидери Лионель Месси “Ювентус” клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду жана “Бавариянын” польшалык чабуулчусу Роберт Левандовски Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамына талапкерлердин тизмесине кирди. Бул тууралуу ФИФАнын Twitter баракчасына жарыяланды.
Жылдын мыкты футболчусун тандоо боюнча добуш берүү 9-декабрда аяктаган. Анын жыйынтыгы чыгып, сыйлыктарды тапшыруу аземи 17-декабрда онлайн форматта өтөт.
Белгилей кетсек, “2019-жылдын мыкты футболчусу” наамын “Барселонанын” капитаны Лионель Месси жеңип алган.
Жумабай Акимов