Сапар Сопубеков, ырчы: “АЛ КЕЗДЕ ПОПУЛЯРДУУ БОЛГОНУМДУ ДЕЛЕ СЕЗБЕПТИРМИН”

Бир кезде “Дүрдана”, “Эсимде” ырлары менен таанылган ырчы Сапар Сопубеков азыр сахнадан, теледен көрүнбөй калды. Ал кайда деп кызыккан күйөрмандарына жооп алып берүү үчүн ырчы менен байланышып маектештик.

– Сапар мырза, саламатсызбы? Азыр эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Тойлорго чакырып калышат, барып ырдап турам. Мындан тышкары дары-дармекке байланышкан бизнесим бар. Сахнада көрүнбөй калганымдын себеби да ушул болду окшойт. Бизнес менен алек болуп кеттим. Бул боюнча Кытайда жүрүп келдим. Андан кийин Түркияга барып, Стамбулдагы орустардын ресторанында музыкант болуп иштеп келдим. Ал жактан келгенден кийин эс алайын дедим. Ооба, ырдагың келет. Бирок чыгармачылыкта деле эс алуу керек экен. Кичинемден баштап ырчылыкта жүрүп бир аз чарчай түшкөндөй болдум. Эс алууну ушул жылы токтотоюн деп жатам. 2021-жылы жаңы чыгармаларды жазып кайрадан ырчылыкка олуттуу түрдө киришсемби деп турам. Бул жыл мөмөлүү жыл болот деп ишенели.

Чыгармачыл чөйрөнүн ичинде эле жүрөм дегенимдин дагы бир себеби – “Жомок”, “Калейдоскоп” аттуу куурчак театрлары менен көп жылдан бери келишимдин негизинде иш алып барам. Балдарга көрсөтүүлөрдү даярдап, алпаруучулук кылам. Азыр жаңы жылдык балатыга даярданып жаткан чагыбыз. Мектеп окуучуларына, бала бакчадагы балдарга майрам тартуулайбыз. Негизи эң сонун ырахат тартуулоочу көрүүчүлөр – жаш балдар. Алардын көңүлүн буруу, жүрөгүнөн түнөк табуу оор. Көп эмгекти талап кылат. Бирок жаш балдардын кубанычын көрүү чоң бакыт. Алар кубанса төбөң көккө жетет. Алар ишенчээк да, биз менен бирге жомок дүйнөсүнө түшүп калгандай болушат. Жаш балдар менен иштешүү жагып калгандыктан, ушул тармакта ишимди улантып жатам.

– Демек, актёрлук жөндөмүңүз да бар турбайбы...

– Ооба, бар. Улуу актёрлордон “актёрлукка тапшырсаң болмок” деген кептерди угуп калгам. Алар айтып жаткандан кийин жөндөм бар экен деп калам. “Анар жолу” деген тасмага тартылгам. Андан кийин тасмага тартылууга бир топ сунуштар түшкөн. Өзүм өлкөдө болбой калып, башка иштерден кол бошобой, тартылбай калгам. Бирок кызыгам.

– Кайрадан ырдап чыгам дедиңиз. Бир кездеги популярдуулукту кайталагыңыз келеби?

– Популярдуу болсом, эл тааныса деген кезден өттүм. Чыгармачыл адам болгондуктан “мен бармын, иштеп жатам” деп элге отчётумду берсем деген гана ниет. Жакшы ырларды жаратсам, алар элдин жүрөгүнө жетип, кулагына илинсе эле болду.

– Азыр кайда жашайсыз?

– Ата-энем менен Ошто жашайм. Атам 85ке, апам 74кө чыгып калды. Азыр алардын жанында болушум керек. Бирок жумушум менен 7 облусту кыдырып эле жүрөм. Жакында эле Таласка тойго барып, чыгармачылыктагы досторум менен жолуктум. Назми экөөбүз ырдадык. “Эсимде” ырын жакшы көрүп уккандар көп экен. Назми экөөбүздү ырдатпай, ары-бери тартып сүрөткө түшкөндөр көп болду. Жаныма келип “эмнеге сахнага чыкпай калдыңыз? Чыгармаларыңыз жагат” дешти. Бул мага жагымдуу болду. Өзүмө да көчөдөн же тойдон көргөндө “качан ырдап чыгасыз? Ырдаңыз, ырларыңыз жакшы” деп калышат. Кубанам.

– «Эсимде” ырын азыр да жакшы көрүп угабыз. Сиздер ырдап тартылган видео Ютубда да жакшы көрүлүптүр...

– Ал видеого Назми экөөбүз шашылыш тартылып калганбыз. Бир концертке шашып жатсак, теледен чалып, “тез келе калышыңар керек, съёмка болот” деп чакырып калышкан. Болгон кийимибиз менен барып тартылып койгонбуз. Ал клёш шымдын күрмөсү да бар болчу. Таанымал дизайнер Олег Беданын эмгеги. Күрмөсү экөө жакшы көрүнчү. Бирок мен видеого анысы жок түшүптүрмүн. Кийин карасам, башкача көрүнүп калыптыр. Комментарийлерди окусам, “Сапар брат курулушта иштеп жүргөн жеринен келип тартылып калган го” деп жазышыптыр. Күлүп эле калдым. Бирок ал кезде кийимге басым жасачу эмес экенбиз. Көбүнчө ырдын сапатына маани берчүбүз.

– Назми айым менен байланышыңыздар барбы?

– Ооба, жакшы байланыштабыз. Үй-бүлөлүк катышыбыз да бар. Майрамдарда бири-бирибизди куттуктап турабыз. Кээде тойлорго чогуу чакырышат, чогуу барып ырдап калабыз. Кээде өткөн-кеткенди эстеп сүйлөшүп калабыз.

– Назми айым бир маегинде “Сапар экөөбүз 5 жылдай чогуу иштедик. Дуэт менен иштөө оор. Бири-бириңди сүйрөп иштөөгө туура келет. Сапар экөөбүз эки башка иштеп көрөлү дедик” деген экен. Сизге да дуэт менен иштөө оор болгонбу?

– Дуэтте ырдоо жоопкерчиликтүү нерсе. Үн төп келип, бири-бириңди толуктап турушуң керек. Назми экөөбүз жакшы дуэттердин катарын толуктадык. Экөөбүз сахнада бири-бирибизди түшүнүп, күч-кубат берип турчубуз. Достугубузда да ушундай болду.

– Популярдуу болуп турган кезге көз чаптырганда эсиңизге эмне келет?

– Мен анда популярдуумун дебептирмин. Азыр “ошондо популярдуу болгон экенмин” дейм. Мага анда билинген эмес. Өзгөрүлүп, жылдыз болуп деле кетпептирбиз. Кандай болсок ошондой бир калыпта жүрүптүрбүз. Жылдыз болуу деген түшүнүк жок экен. Балким, ал кезде тарбия ошондой болгондур.

– Күйөрмандарыңыз тууралуу эстеп айтып берсеңиз...

– Күйөрмандар жаныбызды коюшчу эмес. Гастролго барсак жаткан жерибизди таап алышып, эшикке чыксак кыйкырып тосуп алышчу. Жумшак оюнчук, билерик сыяктуу белектерин беришчү. Кат жазып сахнага таштап кетишчү. Ырларды да ошентип суранышчу. Анда Инстаграм, Фейсбук деген жок да. Бирок биздики азыркылардай эмес, сабырдуу, аша чаппаган, обу жоктонбогон күйөрмандар болчу. Азыр обу жоктонгон күйөрмандарды көрүп жүрөм. Чыгармачылыктан жамандык көргөн жокмун. Урмат-сыйга ээ болдум. Барган жеримде таанып сыйлап турушат. Айрым жумуштарды бүтүрүүдө атым кичине болсо да жардам берет (күлүп).

– Жеке жашооңуз тууралуу билсек болобу?

– Үйлөнө элекмин. Буюрса, жакында жакшы жаңылыгым менен бөлүшөм деп турам.

– Болсун! Күтөбүз. Бактылуу болуңуз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ainura220888
2020-12-21 12:46:04
Дурдана деген ыры жагат эле
+2
ElEN2025
2020-12-22 01:14:05
ainura220888,Сонун ырдаган
0
ElEN2025
2020-12-22 01:13:32
Канчанчы жылкы Сапар Сопубеков?
+1
Datka7777
2020-12-22 11:05:48
ElEN2025,чал болуп калган 77би 78 болсо керек
-1
brilliantka2016
2020-12-23 14:51:18
кырктагы киши кыз алат
Кырктагы кызды ким алат дегендей мандайында бир кыз тургандыр
+1
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан